Домой Спорт Эркин күрөштү өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон – генерал Мелис Турганбаев…

Эркин күрөштү өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон – генерал Мелис Турганбаев…

202

Норвегиянын борбору Осло шаарында  күрөш боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Ага катышкан 27 өлкөнүн ичинен Кыргызстан медалдардын саны боюнча 5-орунду ээледи. Атап айтып кетсек, алдыңкы орундарга ири держава аталган өлкөлөр кирди, булар: Иран — 7 алтын, 3 күмүш, 3 коло, АКШ — 5 алтын, 5 күмүш, 5 коло, Япония — 5 алтын, 3 күмүш, 4 коло, Россия — 4 алтын, 5 күмүш, 9 коло медаль утту. Ал эми биздин Кыргызстандын балбандары  — 2 алтын, 2 күмүш, 2 коло медалга татыктуу болушту. Кыргызстан намысын коргогон балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медаль тагынышты. Булардын баары тең эркин күрөш ыкмасында күрөшкөндөр. Ал эми грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков күмүш медалга жетти. Биздин мамлекеттен алда канча чоң, спортчулары ошончо көп Казакстан бир күмүш, бир коло медалы менен 15-орунга илинген.

Эрназар Акматалиев, финалдык беттеш: https://www.instagram.com/p/CUxJXRIlOFn/

Албетте, мунун баары биз үчүн абдан чоң сыймык. Анткени, кыргыз балбандары акыркы жылдары Кыргызстандын желегин дүйнөгө байма-бай желбиретишип, таанытып жатышат.

Биз сыймыктанган  балбандарыбыз кыргыз элине асмандан түшө калышкан жок. Балбандар тууралуу сөз кылганда биринчи кезекте алардын машыктыруучулары, устаттары, ушундай деңгээлге жеткирип күнү-түнү таптаган баардык адамдары тууралуу айтышыбыз керек. Эске сала кетсек, 1990-жылдардан кийин, 2000-жылдары кыргыз күрөшү абдан оор ахыбалда турган. Бул маселеде биринчи кезекте өлкөдөгү кыйынчылыкка кендирди кескен экономикага түздөн-түз байланыштуу болчу. Күрөшкө, айрыкча эркин күрөшкө кыргыз жигиттерди кызыктыруу үчүн башка мамлекеттен легионерлерди алып келишкен. Ошол учурда Эркин күрөштүн башында Мурат  Саралинов, Мелис Турганбаев ж.б. турушкан. Бул адамдардын кыргыз күрөшүн көтөрүүгө болгон аракети акырындан өз жемишин бере баштаган. Маселен, Надырбек уулу Улан балбан 2001-жылы Жаштар арасында өткөрүлгөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, жаңы тарых жаралган.

Андан бери 20 жылдан ашуун убакыт өттү. Бул мезгилде көптөгөн кыргыз балбандары өсүп чыкты. Айрыкча акыркы 7-8 жылда кыргыз күрөшү, анын ичинде эркин күрөш дүркүрөп өстү. Ал эми Эркин күрөштүн кыз -келиндер арасындагы жетишкендиктерине биз эле эмес, дүйнө эли суктанып турган чагы. 12 жылдан бери кыргыз күрөшүнө Шаршенбек Абдыкеримов, Аскар Салымбеков, Мелис Турганбаев ж.б. меценаттык кылып жатканын эл жакшы билет. Биз билгенден балбандарга меценаттар тарабынан 8 квартира жана ондон ашуун автоунаалар белекке берилди. 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионатында чемпион болуп, алтын медаль тагынып келген Улукбек Жолдошбековго Мелис Турганбевдер бир бөлмөлүү батир белек кылышкан. Эми Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш жана коло медаль алышкан Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмоновдорго да генерал Мелис Турганбаев баштаган адамдар өздөрүнүн кымбат баалуу белектерин даярдап, азырынча “сюрприз” кылып жатышканын эшиттик.

Деги эле Мелис Турганбаевдин кыргыз спортуна, эркин күрөшкө кошуп жаткан салымы төө көтөргүс экенин эч ким тана албайт. Муну балбандарыбыз өздөрү да бир ооздон белгилеп айтып келишет. Бул адам балбандарга устаттык кылып, моралдык жана материалдык жардам көрсөткөндөн тышкары өзү спортчу катары да Ардагерлер арасында чемпион болуп алтын жана коло медаль тагынган. Мунун өзү чоң эрдик, чоң тарых! Деги эле, ушундай адамдар барда кыргыз спорту, кыргыз балбандары дагы да өнүгө бермекчи.

Спорт дегенде ичкен ашын таштап, бар тапканын чачып турган адамдар жалпы коомчулукка үлгү, чоң спорттун дагы да өсүп өнүгүшүнө чоң өбөлгө болуп кала бермекчи. Биз аларга ыраазычылык айтып, колдоп гана туруубуз керек. Бүгүн Жоломан Шаршенбеков баштаган кыргыз спортчулары Норвегиядан мекенибизге кайтып келишет. Алар дагы да даңкталат. Ыраазычылык айтылат. Бирок балбандарды балбан кылып таптаган машыктыруучулар, меценаттар унутта калбай, кошо даңкталып, кошо айтылып турушу зарыл.