Башканы билбейм, мен илгертен эле гезиттерди калтырбай окуган жанмын. Мына бүгүнкү күнгө чейин толгон гезит колуман түшпөйт.
Аз күн мурун «Багыт.kg» аттуу гезит колума тийди, анын алгачкы саны экен, шашпай окуп чыктым. Буюрса, дурус гезит болчудай түрү бар.
Эмесе, гезитте иштеген балдарым, «Багытыңар» Ала-Тоодой бийик, чагылгандай курч, Жер энедей көтөрүмдүү, Манастай айкөл, эмчекке тойгон баладай топук, анан да түбөлүгү түз болсун! Ар бир жазган макалаңарда кыргыздын жыты жыттанып, жакшылыкка, ыйманга, тынччылыкка чакырып турган деми болсун! Силерге күчтүү чыгармачылык дем, мыкты ден соолук каалап, атаңар,
Кыргыз эл Баатыры, академик Мамбет Мамакеев