Домой Саясат “Росинбанкта” пайдага айланган 100 млн. сом жана Адамкулованын “ооруп” калышы

“Росинбанкта” пайдага айланган 100 млн. сом жана Адамкулованын “ооруп” калышы

125

Чынара Адамкулова

Өткөн жумада Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин жакында эле (чарба маселеси боюнча) проректору болуп шайланган 55 жаштагы Асанбеков Нурзак жана башкы бухгалтери Ольга айым окуу жайдагы финансылык мыйзам бузууларды жаап-жашыруу үчүн 100 миң сом пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөнү жалпыга маалым. Бул ишти ИИМдин 5-Башкармалыгы жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери ишке ашырышкан. Улуттук университетке жакында эле, башкы бухгалтер мугалимдердин айлыгын оңдуу бербей жатканы тууралуу ЖМКларда сөз болгон.Көрсө, бул эргулдар ал ишти атайы жасаган өңдөнөт. Эмнеге дегенде, бул жерде тамыры тереңге кеткен коррупциялык схема ийгиликтүү ишке ашып турган. Мисалы, Улуттук университеттин жогоруда аттары аталган «үлкөндөрү» окуу жайдын акчасын бир топ убакыттан бери «Росинбанкка» салып, бир канча пайыз менен айланту жолу менен жакшы эле пайда көрүп келишиптир. Аталган банктагы Улуттук университеттин акчасынын көлөмү 70-100 млн. сомго чейин жетеери айтылууда. Балким, мындан да көп же аз? Мындан тышкары, Улуттук университеттин ректорунун милдетин аткаруучу болуп иштеген (жаңылбасак) Эрмек Усекеев менен азыркы ректор Чынара Адамкулова экөө 300 миң сом боюнча айып тагылып жатканы айтылууда. Себеби, булакча да ЖОЖдо окуган студенттердин контракка төккөн акчадан чогулган экен. Кыскасы, Улуттук университеттеги уурулукту чукуй берсе, мындан да жаман фактылар «калкып» чыгышы толук мүмкүн экенине эл да терең ишенип турат.

Ал эми укук коргоо органдарына мындай кылмыш иштерин жабуу үчүн 100 миң сом пара сунуштап, анысын атайы эсепке которуп берген Нурзак мырза, буга чейин аталган окуу жайдын “Аралыктан окутуу” департаменти болуп иштеп турганда, Адамкулова аны өзүнө орун басар кылып дайындаган. Ректор бардык иштерди аны менен кеңешип тургандыгы айтылат. Эми мындай чуулгандуу иштен кийин Чынара Адамкулованын ректор болуп калууга моралдык да укугу калган жок окшойт. Күнөөсү толук далилденсе, анда мыйзам алдында толугу менен жооп бериши зарыл. Бүгүнкү күндө Чынара Адамкулова өз башынан айланган кара булаттарды “айдай албай”  чын элеби, же калппы, айтор ооруп жатып калгандыгы боюнча кептер айтылууда. Булда болсо эптеп кутулуунун бир амалы эмеспи. Ал эми Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Чынара айымдын ушул сындуу өзүм билемдиктерине көз салбай, кайсы тарапты карап олтурат, же ал дагы мындай иштерди тымызын колдоп жатабы?