Домой Саясат Кыргызстан менен Тажикстанды эмне байланыштырат?

Кыргызстан менен Тажикстанды эмне байланыштырат?

156

viagra with prescription by doctor. vjvfkb-ytrjd-696x389

Президент Сооронбай Жээнбековдун коңшулаш Тажикстанга жасаган расмий сапары өтө жылуу маанайда жана ийгиликтүү болуп өттү. Эки өлкөнүн башчылары адегенде тар курамда, андан соң кеңири курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин ММК өкүлдөрүнүн алдында биргелешкен билдирүү жасашты.

Анда Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий визит менен келүүгө чакыргандыгы үчүн Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго ыраазычылык билдирип, жолугушуулар достук жана ишеним көрсөтүү маанайында өткөндүгүн билдирди. “Тар курамда жана кеңири форматта биз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда кызматташуунун   урунттуу багыттары боюнча көптөгөн маселелерди талкууладык. Кыргызстан менен Тажикстанды тарыхый бекем достук байланыштырып тургандыктан, биз бүгүн кыргыз-тажик өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөө маанайын ырастадык. Биз эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнүн бардык комплекси боюнча пикир алмаштык. Жаңы милдеттерди, кызматташуунун узак мөөнөттүү багыттарын белгилеп, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темаларды козгодук”, — деди ал.

Конкреттештирип айта турган болсок, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө соода-экономикалык мамилелер, регионалдык коопсуздук жана суу энергетикалык жаатындагы маселелер, ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча мазмундуу пикир алмашуулар болгону айтылды.

Мамлекет башчысы С. Жээнбеков үстүбүздөгү жыл эки өлкө жана анын жарандары үчүн өзгөчө маанилүү жыл экендигине да токтолду. “Биз мамлекеттер ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгын чогуу майрамдап жатабыз. Кыргызстан менен Тажикстанды салттуу достук, жакшы коңшулаштык, тарыхый жана руханий жалпылыктар байланыштырып, кыргыз-тажик мамилелеринин бекем негизи болуп турат”, -деди ал.

Ооба, ырасында эле эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер орногонуна чейрек кылым убакыт өттү. Эми анын мындан ары да улам тереңдеп, улам бекемделип канат жайышына камкордук көрүүбүз абзел. Бул расмий сапардын өзөгү да ушул максатта экенин айтууга болот. Кошуна мамлекеттер менен мамилебиз жакшырып, улам бекемделип отурса, демек өлкөбүздүн экономикасына да, маданиятына да, коопсуздугуна да оң таасирин тийгизет деген ишеним бар.