Домой Дүйнөдө Тажикстан Ооганстан менен чектеш аймагында аскерий парад өткөрдү (сүрөт)

Тажикстан Ооганстан менен чектеш аймагында аскерий парад өткөрдү (сүрөт)

102

Тажикстан Ооганстан менен чектеш Дарваз аймагында аскердик парад өткөрүп, ага президент Эмомали Рахмон катышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, президенттин катышуусу менен Дарвазда өткөн аскердик парадга чек ара аскерлеринин, Коргоо министрлигинин аскерлери жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышкан. Параддан 2 миң аскер жана офицер, ошондой эле 50 аскердик техника өткөн.

Буга чейин Ооганстанды басып алган «Талибан» кыймылы Тажикстанга чектеш аймагына миңдеген жан кечтилерди жөнөткөндүгү кабарланган.


super.kg