Ооганстандан качкан качкындар Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагына жайгаштырылды.
Качкындар коопсуз жайга жайгаштырылып, суу, тамак-аш жана керектүү нерселердин бардыгы менен камсыздалды
Бул туурасында облус администрациясынын басма сөз кызматынан маалымдашканын тажик ЖМКлары жазды.
Бийлик Тоолуу Бадахшан автоном облусуна жайгаштырылган ооган качкындары боюнча так маалыматтарды жарыялай элек.
Такталбаган маалыматтарга караганда, алардын саны миңге жетиши мүмкүн. Алар негизинен аялдар, балдар жана кары адамдар.
Белгилей кетүүчү нерсе, облустун төрагасы Ёдгор Файзов Ооганстандын түндүгүндө талибан согушкерлери активдеше баштаганы тууралуу алгачкы кабарлар түшөөр замат, качкындардын агымына даярдык көрүүгө буйрук берген.
Өткөн күнү Тоолуу Бадахшан автоном облусунун башчысы Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын Тажикстандагы жетекчилиги, ошондой эле Ага Хан Кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту.
БУУ Тажикстанга экономикалык төмөндөөгө жана коронавирус пандемиясына байланыштуу аймактагы оор кырдаалга карабастан ооган качкындарын кабыл алуу боюнча көргөн ыкчам чаралары үчүн ыраазычылык билдирип, муну гумандуулуктун жана адамзатка болгон жоопкерчиликтин үлгүсү деп атады.
Белгилей кетсек, Ооганстандагы АКШ жетектеген коалиция күчтөрү май айынан тарта аскерлерин чыгарып жатат. Америкалык аскерлер 11-сентябрга чейин ооган жергесинен толук чыгарылып бүтөт.
Мындай шартта Талибан Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактагы бир нече районду басып алууда.
5-июлда Талибан Ооганстандын Түркмөнстан менен чектеш провинциясын да басып алганы маалымдалган.
Өткөн аптадан бери Талибан менен кармаш жүрүп жаткан аймактардан 1500дөн ашуун ооган аскери Тажикстандын аймагына кире качкан.
Жалпысынан май айынан бери Талибан Ооганстандын 150дөн ашуун районун басып алган.