Россиянын элге кеңири белгилүү ырчысы Филип Киркоров Кыргызстанда бир нече күнгө созулган концертин берүү үчүн келгени белгилүү. Ал концерт берүүнүн алдында борбор калаабыздын четинде жайгашкан «Ала-Арча» коругуна келип эс алып, Жараткан кыргыз элине ыроолоп берген табигый жаратылыштын көркөмдүгүнө, кооздугуна суктанып, андан энергия алганын өзүнүн Instagramдагы расмий баракчасына жазып чыкты. «Бул Альпа эмес, бул Ала-Арча! Бишкекте өтө турган «Я» шоусунун алдында легендарлуу корукта табияттан энергия алуудабыз», — деп жазат ал өз баракчасында.
Албетте, бул кыргыз жеринин кереметине болгон чет элдиктердин алгачкы суктануусу эмес. Буга чейин дагы көптөгөн саякатчылар, туристтер, белгилүү саясый коомдук ишмерлер Кыргызстандын табиятына суктанууларын билдирип, социалдык түйүндөргө жазышкан. Андыктан Кыргызстандын туризм тармагы келечекте өнүгө турганынан шек жок. Өз жерибиздин кереметин, кооздугун баалап-барктай билели.