Домой Аналитика Эсил кайран… о-ой, акчанын кайдан табайын о-ой! Өлгөнгө шарт жок

Эсил кайран… о-ой, акчанын кайдан табайын о-ой! Өлгөнгө шарт жок

606

мүрзө

Тирүүсүн сыйлабай бараткан жерде өлүүнү сыйламакпы? Кийинки күндөрү сөөк коймой шааниси Бишкек шаарында азапты колго берип жатканы. Куураган турмуш а, жакыны бир өлүп жаны куушурулуп жатса, аны көмүүнүн азабын тартып сөөк ээси экинчи ирет капага батат. Эми ошондон эсептейли: боз үй эки күнгө тигилсе — 10000 сом, сөөктү жууп-тазалоо — 2000, сөөктү мүрзөгө жеткизүү — жөнөкөй автобус саатына — 400-500 сом алат, «Мерседес-Бенс» — 700 сом, Кадиллак — 2100 сом, муну төрт саатка көбөйтсөң оңой акча болбойт!

Мүрзө казгандарга берчү акча 7600 сом дейт, бирок, «жер жок эле, жакшы жерден тапса болот эле…» деген шүмшүктөр жай баасын 10-15 миңге жеткирип тынышы мүмкүн. Ошондой адамарды алып барган сөөк менен эле кошо көөмп салса сонун болбойт беле! Жер баасы Чоң-Арыкта — 21 миң сом, Ала-Арчада — 16 миң, Чыгыш мүрзөдө — 10 миң, Лебединовкада — 15 миң сом. Ошентип, Бишкекте каза болгон адамды жерге берүү 50 миңди чапчып тынат!

Башка аймактарда жай казгандарга төлөнөт экен, жер болсо бекер. Жай казганга Таласта — 5000 миң сом, Жалал-Абадда — 7000, Баткенде — 1000, Нарында кышкысын — 7000 миң, жайкысын — 3000, Караколдо — 5000 сом төлөнөт.

Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышындагылар сөөк коюлчу жерди бекер берчү мыйзам иштеп чыккандай болду эле. Ал эмне болду? Жакынынан айрылып боздоп турган адамды ого бетер боздотуп, сөөк койчу ишканалардын шылуундарына салып берип ого бетер зээнин кейитпегендей бир жагдай уюштуруп берүү бийликтерлердин колунан келет эле. Арбак ыраазы болсун деп ошол кадамга барса, сонун болбойт беле…

Бул маселенин бир жагы. Анан дагы да сөөк ээсин азапка салчу жагдай бар эмеспи — тамак-аш берген. Эми анын баарын жалпы эл билет, антсе да айтып турушубуз керек. Өлгөндүн жакындарынын колунда болсо, экиден, кээси менен үчтөн жылкы, экиден уй, беш-алтыдан кой союп жатат. Дасторкондун үстү жайнайт, той берген менен кошо талашып. Болуптур, алардын колунда бар экен. Анан эл массасынын колунда жок эмеспи, мына ошолор да «уятка калбаш үчүн» эптеп таап жылкы соёт, аны таппаганы семиз уй, эки-үч кой соёт. Дасторкону өзүнчө чыгым. Мына ошондо байкуш сөөк ээси он күндө, бир айда… берем деп карызга батат. Азап ошентип башталат. Тиги өлгөн неме «өлгөндүн өз шору» болуп кете бербей, артында калгандарды азапка салып кетип жатпайбы! Бул дагы кийинки келген обу жок турмуштун бири болуп жатат. Азыр кээ бир айылда жылкы союлбай калды дешет, ошол абалды бардык кыргыз элине жайылтса сонун болбойт беле.

Баса, сөөк койчу “Бару” аттуу ишканада “кызык” иштер болуп жатканын уккан Бишкек шаарынын прокуратурасы барып текшерүүгө албайбы. Ошондо аталган ишканада 234 мүрзөнүн эсеби жок экен. Дагы да тактап айтсак, ошол 234 мүрзөдөн түшкөн   867 миң 616 сомду ошол жерде иштеген шылуундар жеп коюптур. Наалатыныкы, наадандар өлүктөн пайда тапкан заман шуулдайт го! Эми ошолор катуу жазага тартылышы керек. Биздин гезит өлгөндөн пайда тапкан шүмшүктөр жөнүндө кийинчерээк кеңири жазат.

Баратбай АРАКЕЕВ