— Бекбосун мырза, “Ата Мекен” партиясы президенттин “Евроньюс” телеканалына курган маегине тескери билдирүү таратып, казактарга жагалданган экен. Бул ынтымактын жоктугунан кабар берип жаткан жокпу?
— Кыргызстанда азыр такыр ынтымак жок. Ынтымак болушу үчүн бири бирибизди угушубуз керек. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары эл машак терсе да, курсагы тойбосо да биримдиктүү болгон. Азырчы? 25 жылдан бери саясатта жүрүп, элге бир пайда келтирбеген саясатчылар бакылдап жатат. Бири бирин уга турган түрү жок.
— Президенттин пикири боюнча жеке таарынычын сыртка чыгарган “Ата Мекендин” аракети абийир алып келеби? Анын үстүнө, “Ата Мекен” партиясы “А.Атамбаевдин пикири жалпы элдин пикири эмес” деген экен. Элдин атынан кимдер сүйлүй алат?
— Президент баарыбыз сыйлап добуш берген адам. Элдин атынан президент менен Жогорку Кеңеш гана сүйлөй алат. Анткени, аларды жалпы эл шайлаган. Биздин деңгээлибиз кандай болсо, президенттин, депутаттардын деңгээли деле ошондой.
Казактар деле бизди түшүнсө болмок. Анткени, атуулдук согушка жакындап, кыйын абалда турганда чек араны жапты. Ошентсе да, чек араны жаап, ачуу ар бир мамлекеттин жеке иши.