“Сезбейсиңго”, “Акбийкем”, “Жүрөгүм толкуйт Нарындай”, “Кыргызстан обондору”, ”Издей берем” ж.б. ондогон белгилүү ырлардын автору, акын жана композитор, маркум Жалил Сыдыковдун жолун улап келе жаткан уулу Элзар Сыдыков учурда шоу бизнесте, кыргыз эстрадасында өз ордун таап, бир катар мазмундуу ырлары менен калың элдин катмарына таанылып калды.
Элзар мырза ыр дүйнөсүнө бала чагынан аралашып мектеп жылдарында Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык мектептен билим алган. Андан соң Юридикалык академияга тапшырып, аталган академиядан адвокат кесибине ээ болуп чыккан. Бирок да ырга болгон кызыгуусу Элзарды акыры кайрадан чыгармачылыкка алып келген. Ал айрым ырчылардай музыкалык билими жок ырдап жүрө бербей, музыка боюнча терең билим алууну көздөп, Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов атындагы атактуу улуттук консерваторияда окуду. Учурда Элзар тынымсыз эмгектенип жаңы чыгармаларды жаратуу менен алек. Тактап айтканда, сөзү, обону Эмил Жакыпбековго таандык “Ашыгым” аттуу ырды иштеп чыгып угармандардын сынына койду. Ырчынын айтымында аталган ырга жакын арада клип тартмакчы. Мындан тышкары, ал атасы Жалил Сыдыковго таандык чыгармаларды кайрадан иштеп чыгууну максат кылууда. Эмесе, элибиз жакынкы убактарда Элзар мырзадан эң сонун ырларды уга алышмакчы.
Аида МУСАЕВА