Домой Маданият Ырга толгон жүрөк чаңырыгы

Ырга толгон жүрөк чаңырыгы

350

Токон Эшпаев“Тулпар — тушунда” дейт, Токон Эшпаев тээ 1969-жылы Ош пединститутунун музыка факультетинде окуп жатканда чыгарган “Эжекем” деген обону анын атын дүрт дегизе угузуп, наристе сүйүүсү башынан ашып-ташып турган жаштардын шойконун козгоп ийди белем, баары эле жер тепкилей безилдеп ырдап, айлананы шаңга бөлөп ийди. Мындай караганда жумурга жук болбогон жупуну текст жылтыр-жултур чепкен кийген шайдоот жигиттей шадыраңдаган обону менен жамы журттун көңүлүн көкөлөтүп, чү дегенде эле музыка дүйнөсүнө даң салып кирген себеби — салттуу ырлардын торунан чыкпай жаткан угармандарга орустардын частушкасы кейиптенген ыкчам ыргактуу шайдоот ырлар керек эле. Кыз аттууну көргөндө көздөрү тунарып жүргөн бозойлорго ошондой шадыраңдаган ыр керек болчу. Токон ошо маалда сороң деп чыгып калып жатпайбы. Анда эмне, Рыспай акесинин “ыркешигин” ичип калган Токон жер чапчыган тулпардай туйлап турган учуру. Мээси толо сезим, көкүрөгү толо ыр! Баса, ошол “Эжекем” деген ырын Москвада өткөн бүткүлсоюздук кароодо ырдаса, эжекесин эмне менен жээрин билбеген океңдер колунан от чыкканча алакан чабышкан. Ошондо Токон музыкага тилмечтин кереги жок экенин, кийин ал ырын “Ырдайлы кыргыз ырларын” деген телефестивалда кыргыз тургай, көп улуттун өкүлү, башка ыр түгөнүп калгансып, кезек менен ырдап келишкенде билбедиби. Эй, айланайын, аркимдин жүрөгүн козгой алган жөнөкөй кайрыктын аржагында улутуна карабай жүрөгүнө көпүрө сала турган касиет болот белем, мына чыкканына кырк жылдан ашып калса да, Токондун ошол “Эжекеси” кийинки муундан “теңтуш” таап, алиге эле карыбай жашап келет. Я күспуруш, байкабай таап алган зер буюмдай, атайлап зарласаң да табылбаган чүрөк куштай оюңду ойго-тоого алакачкан Токондун бу “Эжекеси” шалдырап сөөгү калганча да картайбай, ээсин бу ХХI кылымга таберик кылып таштап, өзү кийинки жаштардын жан эрмеги болуп, кылымдарды карытып жашап калат шекилди! Жакшы ырдын тагдыры дайым ушундай — ээсинин экинчи өмүрүн улап, акыры ээсин табышпай калганда, элдик болуп жашай берет. Азыр элдик болуп кеткен ырлар, эмне, асмандан түшүптүрбү, аны да бирөө жараткан, анын ээсинин да биздикиндей жүрөгү, биздикиндей кыялы болгон. Эми ал ырларында жашап калды. Токон Эшпаевдин ырларынын көбүн ошондой тагдыр күтүп туру. Ага чейин эмгек сиңирген артист болгуча ушул узак жолду басып келген Токон Эшпевдин ырбашатына башбагып көрөлү…

Ал 1950-жылы 21-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Керме-Тоо деген айылда төрөлгөн. Балкитеп боюнча эгиздерге кирет. Анын бешенесинен бир эле маалда эки жүздү — кубаныч менен кайгыны, сүйүү менен жек көрүүнү, сүйүнүч менен ындыны өчкөн кишинин кейпин көрүүгө болот. Эгер Акмандан арзып жүрүп таап келген Минашы болбосо, “Эжекесинин” артынан ээрчип кетет беле, ким билет. Ырынан баар тапсын деп, өзү да музыкант, Токондон башка толупаткан музыкантты тарбиялаган Минашты анын бешенесине, Рыспайга Давлетти бергендей, жазып койгонун кара! Эгер ал болбосо, жаштар жамырап ырдап жүргөн ырларынын азгырыгы менен дөөлөтүн көтөралбай кетет беле, чунаңдаган Токонду ооздуктап, башкалардын эмес, ырларынын артынан ээрчитип койгон ушу уюган айрандай болгон коймаарек Минаш! Ошондо да ыр таппай кайсалап калганда, анын башаты кыздар кейиптенип, кээде оолугуп кетчү. Бирок ошонун баары ыр болуп куюлуп келгени үчүн Минаш анын “иттиктерин” кечирип, кайра ырдүйнө деген кынына киргизип койчу. “Акманым”, “Өзгөчөм”, “Керметоо жылдыздары”, “Гүлдө, Кыргызстан”, “Жаштык”, “Гүл болсоң, сан гүлдөрдүн арасында”, “Качандыр бир жолугушканда” сыяктуу ыргагынан жаштыктын илеби уруп турган көптөгөн обондору аны карытпай тырбалаңдап өргө сүйрөп келди.

Эшпаевди элге кеңири тааныткан “Эжекеме” чейин “Ардагым”, “Каалаймын өмүр көктөмүн” деген обондорду жараткан. Бирок, Токонду Токон кылган ал ырынан тышкары жүрөк титиреткен ачкыйкырыкка окшогон, таштын жаракасынан чыккансып, түпкүрдөн оргума суудай атырылып чыккан, ырдын мазмуну менен маанайына шайкеш келген мукам да, ачуу да, комуз кылындай дирилдеген жагымдуу үнү бар. Анан аккордеонду өтө изги ойной албаса да, ырдын жакшынакай жандоочусу катары жаагын айрыган чеберчилиги менен үндү, аспапты, артисттик алдамайы жок быркыйган турушу менен угармандын ичи-койнуна лып деп кирип кетет. Анан да Эшпаевдин обондорунун көбү чакырык мүнөзүндө. Бир топ жылы милийсага иштегени да ошол жүрөк чакырыгынан болсо керек. Аерден да куру кайтпай “Милиция — доордун сакчысы” деген сыяктуу ондогон обонду алакелген. Бизге эмне, каерде иштебесин, музыкалык казынабызды байыткан жакшы ырлар кысап. Баарынан баалуусу — базар шартында деген шылтоо менен бөртөй-шөртөй обонсымалдарды саймедирете сайрай бергенге караганда, мына, кырк беш жылдан ашык убактан бери, эки муун алмашкыча, ачуу кыйкырыгынан жаштыктын шамалы шуулдап уруп турган, сыналгы менен үналгынын, сахна менен той-топурда кыяктын жаагын айрып турган Токонду замандаштары бир кезде ыры калып, өзү жок тарых барагында муңуп кетер бекен деп каңырыгы түтөп турган чак.

Эгер кыргыз музыка казынасын Рыспай баштаган, Токонго окшогон обончулар байытып кетпегенде, элдик нукту батышка бурган азыркы “жылдыздардын” алешем ырларынын жарыгы канчага жетерин бир кудай билет эле. Көзү өтсө да, көкүрөгүнөн жаштыктын илеби уруп турган Токон Эшпаев кыргыз жашап турганда, жаркылдаган жакшынакай ырлары менен ыр жандуу күйөрмандарынын жүрөгүндө кылым карытып өмүр сүрө берерине ишенем.

Бөкөнбай Боркеев,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер