Домой Маек Мээрим Карыпова: Фольклор-кымыз, кыргыз жыттанып турат

Мээрим Карыпова: Фольклор-кымыз, кыргыз жыттанып турат

300

Мээрим Карыпова

Ырчы, аткаруучу Мээрим Карыпова менен маек.

— Мээрим айым, жаз мезгили чыгармачыл адамдарга өзгөчө таасир берери белгилүү.  Сизге кандай  таасир берди?

— Туура айтасыз, кыштын суугунда жазды абдан сагынып, «жашылданган жаз да келээр» — деп өзүбүздү сооротуп келет эмеспизби. Мен да ошол көпчүлүк күткөн жазды жакшы көрөм. Себеби, бул мезгил башка мезгилдерге салыштырмалуу  жанданууга чакырык жасап тургандай сезилет. Табият көркүнө чыгып, кооздукка бөлөнүп турганда чыгармачыл адамдар жанданбай коюшу мүмкүн эмес. Мен да ошентейин деп турган чагым… Талант деле гүл сыяктуу. Гүлгө канчалык суу куюп бапестеп баксаң дүркүрөп көркү чыккандай, биз да чыгармачылыгыбызды көрктөндүрүп, изденип турбасак болбосо керек. Болгон аракетим менен жаңыча жаңылык жасоого даярданып жатам. Жаңы ырлардын үстүнөн иштеп, жаңы клип тарттырып элдин сынына коёюн деп турган чагым.

Мээрим Карыпова— Салттуу музыканы даңазалап жүрөсүз, устатыңыз ким?

— Фольклор — кымыз, кыргыз жыттанып турат. Мен деле эстрада ырчысы болуп кетсем болмок. Бирок, бул нерсе ар бир чыгармачыл инсандын жан дүйнөсүнөн көз каранды. Менин үнүм комуздун күүсүнө ыктап турат. Мына ушул шыгыма жол көрсөтүп устат болгон Роза Аманова эжеке. Эже менен устат-шакирт болуп иштешкенибизге бир топ жыл болуп калды. Бул аралыкта «жылыш болсун, өссүн», — деп бир дагы жолу мактаган эмес, азыр дагы мактабайт. Эже кичине эле мактап койсо, «чын эле айтып жатабы» дегенсип мен дагы ишенбей кетем. Бурчка такап алып катуу көзөмөл кылбаса дагы жалаң гана кемчиликтерди айтып, «керегем сага айтам, келиним сен ук» деген сыяктуу макалдар менен жеткирип тарбиялаган.

— Кайсы ырыңыз сиздин ырчылык жолуңузду ачты?

— Бир ырымды бөлүп айталбайм. Себеби, чыгармачылыкка өтө дыкат мамиле жасайм. Эски ырларды ырдагым келет. Анан албетте, ырдаган ырымдын текстине кылдаттык менен караймын. Ырларым бир угулуп, унутта калып калышын каалабайм. Азырынча эл мени «Кара  жорго» ырым менен көбүрөөк таанышат.

— Канча баланын энесисиз?

— Учурда бир уул, бир кызды тарбиялап жаткан учурум. Тун уулубуз Куштарбек 13 жашка толду, кичүү кызыбыз 7 жашта. Буюрса, баары жакшы, жолдошумдун аты Турат. Ал менин чыгармачылыктагы таянаар тоом. Чыгармачыл аялзатын жолдошу колдоп турганы абдан жакшы.

— Балдарга тарбия берүүдө кандай ыкмаларды колдоносуз?

— Ата-эне үчүн баланы багып өстүрүп, ага татыктуу тарбия бергенден өткөн чоң жоопкерчилик болбосо керек. Ар бир ата-эне баласын өзү билген ыкма менен тарбиялап келет. Ошол сыңары мен да болгон жакшы тарбиямды бергенге аракет кылам. Кичинекей кездеринен баштап эле дүкөндөн көз көргөн буюмду сатып бербейм. Өзүм бала чакта бир аз катуураак тарбия көргөндүктөн, бала ашыкча эркеликтен оолак болгону оң деген көз караштамын. Балдарымды ашкере эрке өстүрүп, кийин азабын тарткым келбейт. Эгер кызымды же уулумду атасы урушуп койсо, анда алар мага арызданышпайт. Себеп дегенде мен болушпайм. Анткени, бири урушканда экинчиси жан тартса, бала даттанчаак, арызчыл болуп чоңоёт деп эсептейм.

Төлөбүбү Касымалиева