Медер Осмоналиевдин жубайы, ырчы Акмаанай аны менен өткөргөн күндөрүн мындайча эскерет:
-Медер табигатынан жөнөкөй, шамдагай, билимдүү, берешен, акылдуу, ишенчээк, көңүлчөөк, боорукер, ишбилги, эстүү жан эле.
Бирөөнүн көңүлүнө катуу тийчү эмес. Көзүмө тике карап сын айткан эмес.
Мени Акуся дечү. Жаңы үйлөнгөн жылы 8-мартта алтын шакек белекке берген. Анан тоюбузга бир жыл болгондо көк түстөгү кымбат баалуу ташы бар күмүш топтом берген. Бош убактыбызда үйдө орустардын «Девчата» деген киносундагы Тосяга окшоп, грузин лезгинкасын бийлечүбүз. Жакшы бийлечү, бирок уялчаак эле, кыйнап бийлетчүмүн. Мен шайыр-шаңдуу жүрсөм, ал тартынчаак келип, бири-бирибизди толуктап турчубуз. Ошондон го, бир да жолу урушпадык, капа да кылчу эмес. Бакытка балкып, бир жыл, сегиз ай жашадык… Кыйнап жүргөн дарты жанын койбой, ооруканага жатып калганда, мен да толготуп, төрөтканада элем. Уулунун үнүн ага телефондон угузганга жетишип калдык. Уулум Амантур атасынын көчүрмөсү. Таң калганым, кудай Медердин жанын алып, Амантурга салып койгондой сезилип кетет кээде. Менин билишимче, Медер 2 жашында кара сарык менен ооруган экен, анан анысы өнөкөт гепатитке айланган. 2006-жылы көк боору чоңоюп кетип, операция жасатып, алдыртып салган экен. Анан боорго күч келип, оорусу боордун циррозуна айланып кеткен.
Чыгармачылыгыма абдан маани берип, колдоосун аячу эмес. «Мен сөзүн жазайын, сен обон жаз” дечү. “Биздин уулубуз бир колуна калем, экинчи колуна микрофон кармап төрөлөт” деп күлүп калчу тамашалап. Жаңы төрөп, ал каза болгондон кийин бир апта болгондо уктап кетсем, түшүмдө Медер сырттан шашып кирип келди да, балам жаткан бөлмөгө кирип, үй сонун болуп наристе жыттанып калыптыр деди да, мага карап: «турмушка чыкпа, ушул сени багат» деп чыгып кетти…
Акыркы сапарына узатып жатышканда дарыгерлердин уруксат бербегенине карабай, көгөрүп жатып баргамын. Ошол жерден Медер менен коштошком. Медер жашоого бир жаралган сезимтал, таланттуу, жан дүйнөсү кристаллдай тунук, таза жан эле… Жараткан дагы бир аз өмүр жашын берсе, далай сонун ырларды жаратмак… Чыгармачылыгымдагы азыр жетишкен ийгиликтеримди көрсө, маңдайы жарыла кубанмак. Буюрса, жакынкы күндөрдө анын ырларына жазылган обондор менен коштолгон, аны жакындан билген, сыйлаган дос-жолдошторун чакырып, эскерүү кечесин өткөрсөм деп ойлонуп жүрөм. Ал дайым менин жүрөгүмдө жашай берет…
Медер Осмоналиев, акын:
«Же болбосо кетээрмин куюн болуп,
Жерден учуп, жылдыздар түрмөгүнө…»
Орустун гениалдуу акыны Михаил Юрьевич Лермонтов 27 жаш курагында каза таап, бирок артында дүйнөлүк адабияттын текчесинен орун алган не деген сонун ырларды калтырып кетти. Төмөндө мен сөз кылар Медер Осмоналиев да жараткан өмүр берип бир аз жашай түшсө, талантынын көп кырлары ачылып, акындык дараметин дагы да жакшылап көрсөтөр беле, аттиң… Ташбоор тагдыр ыр сүйгөн жүрөктүн өмүр жашын кыска кылып, жарыкка алып келген ата-энесин, артында калган аймончоктой жубайын, дос-жарларын күйүттө калтырып, ааламга жаңы көзүн ачкан уулунун ыйлаган үнүн уккан менен, айдай жүзүнөн бир сүйүп алууга үлгүртпөй, наркы дүйнөгө колунан жетелеп кете берди… Жаштайынан ыр дүйнөсүнө башбаккан Медер өмүр сапары кыскалыгын акындык жүрөгү менен эртелеп туйганбы, айтор анысын «Жаратканга» деген ырында эртелеп айтып коюптур:
Арман кылып нетейин жаш башыма,
Аман болсом жетээрмин максатыма.
А болбосо, кетээрмин кош айтышып,
Ажал аттуу өмүрдүн аскасына.
Күйүт кылып нетейин күндөрүмө,
Күн келгенде жетээрмин сүйгөнүмө.
Же болбосо кетээрмин куюн болуп,
Жерден учуп, жылдыздар түрмөгүнө…
Медер Осмоналиев 1981-жылы Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. Бишкектеги номур 5-гимназияны бүтүрүп, БГУнун «журналистика» бөлүмүн 2004-жылы аяктаган. «Кыргызстан обондору» радиосунун программалык редактору болуп иштеген. Жаштыгына карабай, эл оозуна алына баштаган Медер Осмоналиев 21 жаш курагында «Жүрөк сырлары» деген ат менен алгачкы ырлар жыйнагын чыгарган. Китепчеде Медердин дос, жолдош, курбалдаштары, сүйүү туурасындагы ырлары кездешет.
«Жибек жоолук байланып тамагына,
Күндө жөнөйт шайланып сабагына.
Кошуна кыз сагынып олтурамын,
Сезимдерди бекитип барагыма.
Жибек жоолук байланган тамагына,
Жыпар жыттуу сулууну карагыла.
Жазды дагы шаштырып алып келди,
Жайдары кыз шашылган сабагына».
(«Кошуна кыз») — деген ырларды жазган Медердин жашоосунда дал ошол ал суктанган сулуу кыздай маңдайы жарык, көөдөн жарган таланты Медердикинен ашса ашып, кем калбаган айчырайлуу бир бийкеч жолукту… Ал бийкеч анын сүйгөн жары болуп, маңдайында күйгөн шамы болду. Алардын жубайлык жашоосу бир жыл, сегиз айга гана созулса да, ошол аз убакытта чыныгы бакытка балкып, бири-бирине бир ооз жаман сөз айтышпай, махабаттын тунуктугун далилдеп өмүр сүрүштү…
Назгүл Осмонова