Парламенттеги оппозициялык « Ата-Мекен» фракциясы бугун олконун башы прокурору Индира Жолдубаеванын ишмердуулугу боюнча отчетун угушту. Жыйындын сонунда « Ата-Мекен» фракциячы башкы көзөмөл органынын ишин канаттандыраарлык эмес деп тапты. Бирок, кеп мында деле эмес. Социалдык тармактардын колдонуучуларын кызыгуусун, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууган кудасы « Республика-Ата-Жур» партиясынын депутаты Алиярбек Абжалиев жаратты. Белгилуу болгондой, Жээнбековдун кызы менен Абжалиевдин уулу баш кошуп аталган саясатчылар кудай кошкон куда болушкан. Бул жагында чатагыбыз жок болгону менен, « Республика-Ата-Жур» партиясынын депутаты, оппозициялык « Ата-Мекен» фракциясынын жыйынында, болгондо да башкы прокурордун тагдырын чечкен жыйында отурганын кантип тушунсок болот? Же Алиярбек Абжалиев президент кудасынан депутаттарды көзөмөлдөө боюнча тапшырма алдыбы? Кандай болгон кундө да, депутаттарга президенттин кудасынын басым жасоосу, жакшылыктын жышааны эмес.
is it ok to buy from india pharmacy.