Домой Саясат Кошуналык мамилени бекемдеп, чек араларды тактоого багытталган расмий сапар

Кошуналык мамилени бекемдеп, чек араларды тактоого багытталган расмий сапар

142

27654971_1648487315197938_516689609289822303_n

Үстүбүздөгү жылдын 1-2-февраль күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга расмий сапар менен барды. Ушуну менен ал мамлекет башчысы катары кызматына киришкенден бери үчүнчү ирет расмий сапар жасады.

Албетте, ар бир мамлекет үчүн анын ички саясатынан тышкары тышкы саясатты жүргүзө билүүсү да өтө маанилүү. Мына ушул багыттан алганда мамлекет башчысынын кыска убакыт аралыгында эле үчүнчү ирет расмий сапар менен коңшулаш мамлекеттерге сапар жасашы жакшы жышаананын белгиси болуп саналат.

С.Жээнбековду Душанбе шаарынын эл аралык аба майданынан Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзаде тосуп алды. Аба майданында ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинип, жогорку деңгээлдеги тосуп алуу болду.

С. Жээнбеков бул сапарынын алкагында Тажикстандын Улуттук биримдик жана кайра жаралуу комплексинде болуп, тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.

Ошол эле 1-февраль күнү Душанбе шаарындагы Улуттар ак сарайында президенттер С. Жээнбеков менен Э. Рахмондун расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү. Андан соң мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Бул сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу көптөгөн маселелер талкууланып жана алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүлөргө жетишилгени белгилүү болду.27332551_1648487091864627_1008382151593048053_n

Кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдө президент С. Жээнбеков: “Жагдайдан пайдаланып бардык катышуучуларды мааракелик дата – Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктайм. Чейрек кылымдын аралыгында өлкөлөрүбүз биргелешкен күч аракет менен бардык негизги багыттар боюнча натыйжалуу кызматташууну жөнгө салды. Кыргызстан кыргыз-тажик мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө, өз ара пайдалуу көп пландуу кызматташууну тереңдетүүгө, ошондой эле Тажикстан менен жакшы коңшулаштык мамилелерди бекемдөөгө олуттуу маани берет”, — деген оюн айтты.

Ошондой эле тар курамдагы сүйлөшүүлөрдө көптөгөн маселелер талкууланып, алардын көпчүлүгү боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишишкени тууралуу мындай деди: “Көпчүлүк түйүндүү маселелер боюнча пикирлерибиз жана позицияларыбыз төп келгени кубандырат. Эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттарын жандандыруу үчүн эки тараптуу механизмдердин ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу зарыл. Бул жагынан алганда эки тараптуу  маселелерди жана мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик Өкмөттөр аралык комиссия, Мамлекеттер аралык Координациялык Кеңеш туруктуу негизде иштөөгө тийиш. Элдерибиз көптөн бери мамлекеттик чек араны делимитациялоону аягына чыгарат деп  күтүп жатышат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселелерди чечүү жана тиешелүү макулдашууга кол коюу чек ара районунда коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөдө маанилүү фактор болуп калат”.

Мындан сырткары ал чек ара маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтордун ишин жандандыруу жана жакын арада кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын сызыгын чечмелеп чийүүнүн укуктук негиздерин биротоло макулдашуу үчүн жолугушуу өткөрүү зарылдыгын белгилеп кетти. Ошону менен катар эле мамлекеттик чек араны коргоо, терроризмге жана экстремизмге, баңгитрафикке каршы күрөш жаатында биргелешкен иштиктүү чараларды кабыл алуу зарылчылыгы бардыгын билдирди.

Эки өлкөнүн жарандарынын катышы жакшырышы үчүн, туризмди өнүктүрүү үчүн дагы Бишкек-Душанбе-Бишкек авиарейстеринин санын көбөйтүү маселесин сунуштады. “Биз тажик спортчуларынын Дүйнөлүк биринчи жана экинчи көчмөндөр оюндарына катышканына абдан ыраазыбыз. Тажикстан быйыл сентябрь айында Кыргызстанда өткөрүлө турган үчүнчү Оюндарды дагы колдойт деп ишенем. Ошону менен бирге тажик тарапты Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына жана Ысык-Көл форумунун 30 жылдыгына арналган Эл аралык фестивалга катышууга чакырабыз” – деди С. Жээнбеков. is amoxicillin the same as penicillin. 27545468_1648487088531294_5829980205812207363_n

Тажикстанда жашаган этникалык кыргыздар окуган орто мектептерде кыргыз тилин окутууга Тажикстандын бийлиги жакшы көңүл буруп атканы, бул багытта эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору Мургаб жана Жергетал райондорундагы кыргыз тилдүү мектептерди окуу куралдары менен камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп атышканын белгилеп кетти.

Баса, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы чыгармасы «Тоолор кулаганда» романы жакында эле тажик тилине которулуп, Тажикстандын окурмандарынын колуна тийгени да көңүл кубантарлык окуя экенин айта кетели.

Мамлекет башчысы бул жолугушууда суу ресурстарын пайдалануунун сарамжалдуу механизмдерин киргизүү боюнча да өзүнүн пикирин мындайча билдирип кетти: “Ушуга байланыштуу 1998-жылдын 17-мартындагы Сырдарыя дарыясынын бассейнинин суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча  Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан Өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашуунун алкагында регионалдык кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен күч аракетти жумшоо зарыл”.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча 1-февралда биргелешкен бир катар документтерге кол коюлду. Ошол эле убакта эки өлкөнүн башчылары С. Жээнбеков жана Э. Рахмон биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Аягында алар ММК өкүлдөрүнүн алдында биргелешкен билдирүү жасашып, тар жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдө өз ара түшүнүшүүлөр жакшы болгонун, эки тараптуу кызматташууну мындан ары да бекемдөө, өнүктүрүү багытында иш-аракеттер жасаларын билдиришти.