Домой Саясат «Кыргызстандын улуттук-патриоттук күчү» кыймылы шоумендерден куралганбы?

«Кыргызстандын улуттук-патриоттук күчү» кыймылы шоумендерден куралганбы?

92

mercury drug prices of medicines.

                    image

Мына ушундай аталыштагы кыймыл өткөн жылдын апрель айынан бери карай «кыймылдап» баштаганы белгилүү. Кыймылдын төрагасы коомчулукка анча белгилүү эмес Айбек мырза. Бирок, анын артында А. Келдибеков, А. Мадумаров, Р. Жээнбеков, К. Иманалиев сыяктуу бийликтин бортунан сырткары калган саясатчылар тураары белгилүү.

Мына ушул аталган кыймыл ушул жылдын март айынын аяк чендеринде, апрель айынын башында элдик курултай өткөрүп, ага качкын президенттер А. Акаев жана К. Бакиевди да чакырууну пландап жатышкан экен. Муну маалымат булактарына кыймылдын төрагасы өзү билдирген. Анан дагы экс-президенттер Р. Отунбаеваны, А. Атамбаевди жана учурдагы мамлекет башчысы С. Жээнбековду да чакырабыз дешет. Курултайда саясый куугунтуктар, сөз эркиндиги, «Кумтөр» маселеси, Бишкек ТЭЦинин тегерегиндеги болуп өткөн кырдаал тууралуу талкуулашат экен.

Албетте, курултай өткөрөт элек дегендери жакшы, бирок ага качкын президенттерди да чакырабыз дегендери жөн эле шоу сыяктуу болуп калууда. Кыргызстан эгемендик алган жылдары бийликке келип, үй-бүлөлүк башкаруу деген түшүнүктү киргизип, өлкөбүздүн байлыктарын оңду-солду чачып качкан Акаев менен өз элине ок чыгарып, канын суудай агызган канкор Бакиевди курултайга катыштыруу үчүн алып келебиз деген аракеттерин элибиз эч качан колдобойт. Бул экөөнү албетте эртеби-кечпи Кыргызстанга алып келиш керек. Бирок, аларды жасаган кылмыштары үчүн мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу үчүн алып келүү гана кажет.

Экинчиден, өз элинин алдында күнөөлөрү тоодой экенин эң сонун сезип турган бул экөө деле өз эрктери менен мамлекетибизге кайтып келиши өтө кыйын. Себеби, элибиздин аларга болгон жек көрүүсү али таркай элек. Андыктан курултайды шоуга айлантуунун кажети жок.