
Ажобуз бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочулары менен
жолугуп жатып “Түндүк-түштүк” маселесин таңуулап жаткандарга чара
көрүлөт!” деди. Бул билдирүүсү менен Сооронбай Жээнбеков талкууга “жем
таштап” койду. Жээнбеков бийликке келгенден бери бир да саясатчынын
трайбализм маселесин көтөрүп чыкканын, эч жерден уккан эмесибиз.
Болгону, Атамбаевдин “ эрке баласы” болуп жүрүп Жээнбековдор
бийликке келгенден баштап Асылбек Жээнбековдун “желдетине” айланган
Рыскелди Момбеков бир жолу трайбализм менен “ооруйт” экенин
далилдегени эсибизде. Ал: “эмне үчүн жаңы өкмөттүн курамында
таластыктар жок? Таластыктар революция кылганда эле керекпи?”- деп бир
опурулуп алган жагдайы бар. Болгону ушул.
Анда, президент Жээнбеков кимдерди жазалагысы келип жатат? Ошол эле
жолугушууда президент : “Ыгы келсе да, келбесе да чагымчыл максатта
“түндүк-түштүк” маселесин көтөрүп жаткан топтор бар. “Түндүк-түштүк”
маселесин таңуулап жаткандарды – бул кутман элибизди ичтен иритип,
өзүнүн бузуку саясатын жүргүзгүсү келгендер деп баалайм! “Түндүк-
түштүк” маселесин жабыштырып, жок жерден таңуулап жаткандарга чара
көрүлөт!”, — деп белгиледи.
Бирок, урматтуу президентибиз “ шибегени капка ката албасын” эсине албай
жатса керек. Эч кимдин бөлүнөйүн деген ниети жок болгону менен, жаңы
өкмөттүн курамында түштүк жергесинин өкүлдөрү 70 пайызга чейин
басымдуулук кылат экендигин кайда катабыз? Андыктан, коркутуп-үркүтүп
“ катуу жазаланат” дегендин ордуна, мындай сөздөрдүн “төркүнү” кайсыл
жакта экенин бийликтегилер жакшылап талдап көрсө жакшы болмок.
Ошол эле жолугушууда президент үй-бүлөлүк башкаруу жөнүндө да
айтып :“бул менин Кудай буйруган, элим ишенип тапшырган негизги
вазийпам! Үй-бүлөлүк бийлик кандай болоорун элибиз бир эмес, эки
prednisone for cats no prescription.
президенттин тушунда көргөн. Үй-бүлөлүк- кландык башкаруунун
трагедиялуу тарыхы Кыргызстан калкынын аң-сезиминде өчпөс так
калтырды жана элибиз кландык башкарууга кайрадан жол бербейт!”, — деди.
Аталган билдирүүдөн кийин, президенттин айткан сөзү менен ишинин
такыр эле дал келбей жатканына таң калдык. Анткени 5 айдан ашуун
убакыттын ичинде, өлкөдөгү бир топ жогорку кызматтарга президенттин
бир туугандары, кудалары, күйөө балдары, кызынын өкүл атасы, жээндери,
таякелери дайындалганын коомчулук жакшы билет.
Анан кантип урматтуу президентибиз “ үй-бүлөлүк -кландык башкарууга
жол бербейм!”-деп жатат? Же чын эле Ысык-Көл облусуна иш сапары
менен бара жатып “Акаев, Бакиевдердин жолуна түшпөйм”- деп өзүнүн
жеке адамдык абийиринин алдында сөз бердиби? Андай болсо, нур үстүнө
нур! мындай кадамга барып, Жээнбеков тууган-туушкандарына “чык
эшикке!”- Десе, анда Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен
жазылып калмак.