Домой Саясат Алтын өндүрүүчү ишканаларга жан тарткан бийлик элди ойлойбу?

Алтын өндүрүүчү ишканаларга жан тарткан бийлик элди ойлойбу?

54

        13442707_1089728787740438_7967819011083585427_o

Президенттик кызматка киришкенден кийин Сооронбай Жээнбеков тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгүн саясатташтырбоо керектигин баса белгилеген. Бул тууралуу, ал ушул жылдын февраль айынын башында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловду кабыл алганда билдирип: “Тоо-кен тармагы өлкөнүн экономикасынын башкы бюджет жаратуучу сектору болуп саналат, калкты жумуш орундары менен камсыздайт. Тоо-кен өнөр жайынан келип жаткан акча каражаттары социалдык секторду каржылоого, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүүгө жумшалат”, viagra in japan. — деп тоо-кен компанияларынын ишмердигине байланыштуу маселелерди саясатташтырууга жол бербеш керектигин айткан.

Себеби, ага чейин Тогуз-Тородо алтын өндүрүүгө шымаланып жаткан кытайлык “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын ишмердүүлүгүнө жергиликтүү калк каршы чыгып, митингдер өткөн. Ишкана убактылуу токтотулган эле. Бирок, нааразы болгон жүздөгөн тургундар 11-апрелде кайрадан көтөрүлүп, компаниянын алтын ылгоочу комбинатын талкалап салышкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, бир нече адам камакка алынган эле. Ошол кездеги Өкмөттү жетектеген Сапар Исаков бул иштерди уюштурууга кайсыл бир күчтөрдүн катыштыгы бар экенин жана тергөөдө алардын өздүгү такталып жатканын айткан. Тилекке каршы, ал бул иштин аягына чыкпай кызматтан кол жууп калды.

Кызыгы, Сапар Жумакадырович иштен кеткен соң кечээтен бери Тогуз-Тородогу камакка алынгандардын жакындары аларды бошотуу талабы менен митингге чыгып, бүгүн да уланууда. Анда келгендердин арасында “мурдагы Өкмөт балдарыбызды камап салды” деген сөздөрдү айтышууда. Ушул жерден ордо калаабызда маршруттук таксилердин эки күндүк иш таштоосу дагы эске түшүүдө. Дегеним, коомдогу социалдык чыңалуу учурдагы Баш мыйзамга ылайык биринчи кезекте Өкмөт жоопкер болот эмеспи. Ошондуктан бардык күнөөнү Сапар Исаковго оодара салууну көздөгөндөрдүн сап башында кимдер тураарын аңдай албай жаткандар, экс-өлкө башчыбыздын командасынан кутулууну көздөгөн президент С.Жээнбековдун өткөн айдын башында сүйлөгөн сөзүнө маани берүүсү абзел. Мына замандаш, эл таламын талашымыш болуп, бирок ары жакта алтын өндүрүүчүлөргө жан тарткан бийлик элди ойлогону ушулбу?..