Кыргызстанга коңшу өлкөнүн аскери бастырып кирип жараныбыз окко учканына карабай Түркияга кетип калган президент Сооронбай Жээнбеков учурда тилин тиштеп отурса керек. Себеби, бул жакта кыргыз журтчулугу чек арадагы маселеге көңүл бурбайт деп нааразычылык билдирип жатса, тигил жактан Режеп Таййип Эрдоган сылык сыпаа тосуп алып, бирок төбөдөн ары төрт койду. Дегеним, кечээ эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда баягы “гүленчилер” темасы козголду. Бул тууралуу маалымат жыйында кеп салган түрк президенти: “Биздин жакын кызматташтык, тилекке каршы 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин түрдүү сыноолорго тушукту. ФЕТО өзүнүн таасири астындагы адамдар аркылуу ушул кызматташтыгыбызды ууландырууга аракет кылды. ФЕТО мүчөлөрү жана ага жакшы карагандар Түркия менен Кыргызстандын ортосунда ар түркүн чагым салганга аракет кылышты. Президент Жээнбековдун бүгүнкү сапары ФЕТОнун бул аракеттерине каршы эң жакшы жооп деп ойлойм. Түркия ФЕТОнун акыркы мүчөсү мыйзам алдында жооп бергенге чейин өлкөнүн ичинде жана тышында бул уюмга каршы күрөшүн улантат. 551 жараныбыздын канын төккөн, дагы 29 жараныбызды өлүмгө учураткан бул мыкаачылардын колдорун бош коюп эркин жүрүшүнө жол бербейбиз. Кайда качса да, кайсы ийинге кирсе да аларды кулагынан кармап, укук коргоочуларга тапшырабыз. Түркиядагыдай эле Кыргызстан үчүн да коркунуч болуп турган бул уюмдун башчыларын кармап тамырын жулуу президенттер катары биздин моюнубуздагы милдет. Бул уюм бүгүн бизге кылганын эртең Кыргызстанга да жасайт. Бетме-бет жана делегациялар ортосунда болгон жолугушууларда да ушул темаларды карап чыктык”, — деп билдирди.
Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков аталган тема боюнча маалымат жыйынында үн каткан жок. Кыскасы, кесиптеши Эрдогандын “гүленчилер” тууралуу сөзүнөн кийин Жээнбеков ак же көк дей албай, сөөк жутуп алгандай эле болду.
Эске салсак, Түркиядагы төңкөрүш аракети көрүлгөндөн кийин түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Буга ошол кездеги өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев түрк лицейлеринин бизге эч кандай коркунучу жок экендигин айтып, алардын ишин чектөөгө макул болгон эмес. Ошондон кийин эки өлкөнүн мамилесине доо кетип, түрк тарап таарынычын ачык эле билдирип келатат.