Домой Коом Кара-Суу жана Ошто Жээнбековду колдоп митинге чыгышты (видео)

Кара-Суу жана Ошто Жээнбековду колдоп митинге чыгышты (видео)

106

Ош облусунун Кара-Суу районунда мамлекеттик кызматкерлердин тынч жүрүшү өтүп жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Митингге чыккандар өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышын жактап жатышат. Ошондой эле алар Сооронбай Жээнбековду колдогон ураандарды билдиришүүдө. Жүрүшкө 400гө жакын адам катышууда. Алар базардагы рейдерлик басып алууларга, ошондой эле бийликти өз билемдик менен басып алгандарга каршы.

Ош шаарында дагы президент Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өтүүдө. Ал жакта 500дөй адам бар экени кабарланууда.

булак: eldik.media