Акыркы кездери Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовду каралоону көздөгөндөр анын менчигиндеги жер тилкелеринен кеп салып келишет. Чынында ал киши 2015-жылдагы декларацияда 13 жер тилкеси бар экенин көрсөткөн. Анын мына ушул байлыгы коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган. Эми шаар мэрин кызматтан алууну көздөгөндөр ошол темага кайрадан кайрылышууда. Себеби, көптөгөн мекендештерибиз үстүндө үйү жок жүргөндүктөн, жер тууралуу кептер талкууга жем таштаганга жакшы эмеспи.
Бирок ошентип каралоо уюштуруп жаткандар эмнегедир башка аткаминерлердин байлыгы тууралуу ооз ачышпайт? Мисалы, учурда Сооронбай Жээнбековдун жер жайнаган байлыгы жок дегендер эмнеге анын гектарлаган жерлери жөнүндө айтышпайт? Алсак, президент өз декларациясында 48,04 гектар жерге, ал эми туугандары 10 гектарга ээлик кылаары көрсөтүлгөн. Мына, Жээнбековдордун үй-бүлөсү эле 60 гектарга жакын аянтты басып отурушат.