Атактуу акыныбыз Байдылда Сарногоев дүйнө салган кезде, боз үйдүн жанынан Элмирбек Иманалиев элдин көзүнөн жаш куюлткан ырын ырдап турган эле. Кийин биз ошол ырды эч жерден табалбай койдук. Радиолордон да угалбадык. Эгер мүмкүн болсо бул ырды таап, гезитке жарыялап койсоңор жакшы болот эле.
Кушчубек Абдывалиев,
Бишкек шаары.
Редакциядан: Урматтуу Кушчубек! Сиздин өтүнүчүңүздү канааттандыруу үчүн тиешелүү кишилер менен кабарлашып, тактап чыктык. Кыргыз поэзиясынын классиги, улутубуздун сыймыгы болгон Байдылда Сарногоев 2004-жылдын 19-ноябрында көз жумгандыгы белгилүү. Ошондо Болот Шер башында турган “Жетимен” кайрымдуулук фондунун тапшырмасы боюнча акындар Шайлообек Дүйшеев менен Кыялбек Урманбетов ушул жоктоо ырын түнү менен жазып, эртеси Элмирбек Иманалиев ырдап чыккан экен. Толук тексти буга чейин эч жерде басылган эмес. Сиздин өтүнүчүңүз боюнча биринчи жолу биздин гезитке жарыяланып жатат.
Шайлообек Дүйшеев,
Кыялбек Урманбетов
Ачуу жаш көздөн куюлуп,
Арманга койду буюруп.
Аскар тоо элең, Байдыке,
Арыбас жандай туюлуп.
Кайгыга кыргыз көмүлүп,
Кабырга турат сөгүлүп.
Калкагар тоодой бар элең,
Картайбас жандай көрүнүп.
Өкүттө көкөй кесилип,
Өрттөндү жүрөк эзилип.
Өзгөчө элең, Байдыке,
Өлбөстөй болуп сезилип.
Кадыры артык жан элең,
Капкалуу алтын шаар элең.
Караңгы түндү жаркытаар,
Калкыңа күйгөн шам элең.
Кантели,
Өксүтүп үрөй учурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган.
Көзүңдү жоктойт калайык,
Көктөгү Күнү тутулган.
Аттигиң,
Аманат экен ушул жан,
Ачылбас жерге жутулган.
Аттары калып өзү жок,
Ажалдан кимдер кутулган?
Асман менен Жериңдин,
Тирөөсүнөн бүтсө да.
Алтын менен Күмүштүн,
Ширөөсүнөн бүтсө да.
Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүтсө да.
Алтымыш миң ааламдын,
Алкымынан бүтсө да.
Алтай менен Саяндын,
Салкынынан бүтсө да.
Кагылып элге канаттай,
Кабылан өткөн Манастай.
Өксүтүп үрөй учурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган?
Олуя Кошой кан өткөн,
Опол тоо Бакай кары өткөн.
Алмамбет, Чубак, эр Сыргак,
Асылдарың дагы өткөн.
Кыямат ажал келгенде,
Кылгырып далай жан өткөн.
Кырылбайт деген Кырк Чоро,
Кырсыктуу Кыргыл чал өткөн.
Кыргызга арка-бел болгон,
Кыраандардын баары өткөн.
Алдамчы тура шум жалган,
Ажалдан качып ким калган?
Айдыңы ашып жылдыздан,
Алтындан ордо тургузган.
Жер шарын басып бутуна,
Жеңилбес хандык кургузган.
Бөлөнүп урмат-атакка,
Бөрк кийсе дагы кундуздан.
Жардыгы жетпей ажалга,
Жалгандан өткөн Чыңгызхан.
Аманат экен ушул жан,
Ажалдан кимдер кутулган?
Алышкан жоого эңилбей,
Ааламдын көчкү-селиндей.
Серпишкен жоодон жеңилбей,
Сезсе да өзүн Теңирдей.
Калканыч болбой бийлиги,
Кан өткөн Аксак Темирдей.
Өксүтүп үрөй учурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган?
Намысы элди ийлеген,
Далысы жерге тийбеген.
Жалындан бүткөн эр эле,
Жан жеткен жерди бийлеген.
Изи калып, өзү жок,
Искендер өткөн дүйнөдөн.
Аманат экен ушул жан,
Ажалдан кимдер кутулган?
Жүлүнгө жетип туюктан,
Жүрөккө куюп тунук кан.
Жүдөткөн дартты кубалап,
Жүздөрүн элдин жылыткан.
Арбагы бийик жан эле,
Адамга өмүр уюткан.
Ажалга арга табалбай,
Арманда өткөн Улукман.
Өксүтүп үрөй учурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган?
Ааламдын жөнүн баяндай,
Ар сабы сырдуу аяндай.
Тукумга аты калса да,
Турбастан бир аз аярлай.
Чыгыштын канча жылдызын,
Чым басып, калдык табалбай.
Аманат экен ушул жан,
Ажалдан кимдер кутулган?
Кечээ,
Шап мылтык кармап сүйүнгөн,
Шамдагай эле түйүлгөн.
Шайтанын кууп эчкинин
Шагылдуу тоодо жүгүргөн.
Шашылыш ажал келгенде,
Шайы ооп алдан түңүлгөн.
Шаңшыган зоодон басалбай,
Шамчырак жанын каталбай,
Шаамерген Кожожаштын да,
Шамалга сөөгү илинген.
Өксүтүп үрөй учурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган?
Төбөдөн таңы сөгүлгөн,
Төлдөгөн селдей төгүлгөн.
Төрт аалам төөдөй чөк түшүп,
Төгөрөк төрткө бөлүнгөн.
Төп делген далай манасчың,
Төмөндө жалпак тамга окшоп,
Төрдөгү залкар Сагымбай,
Төрт кабат үйдөй көрүнгөн.
Сабалап айткан Манасы
Саат билбей күндөп-түндөгөн.
Ошо,
Сагымбай өткөн дүйнөдөн.
Аттиң-ай,
Канатка ажал тепкенде,
Кайтчу кез келип жеткенде.
Калканч жок алдың-артыңда,
Кагыны катуу өлүмдөн,
Ошо,
Качалбайт тура эч пенде.
Аманат экен ушул жан,
Ажалдан кимдер кутулган?
Көзүндө аалам айланган,
Сөзүндө арбап жанды алган.
Апталап айтса Манасты
Атпай журт айтып таң калган.
Санаты калып өзү жок,
Саякбай өткөн жалгандан.
Аманат экен ушул жан,
Ажалдан кимдер кутулган?
Алп эле талант даарыган,
Алдыга озуп маалынан.
Атагы чыккан таш жарып,
Акынмын деген баарынан.
Дүңгүрөп турмак атагы,
Дүйнөнүн бардык шаарынан.
Алыкул өңдүү асылды,
Айланган оору таарыган.
Алам деп ажал келгенде,
Атак-даңк, сыйлык, наамыңан
Ден соолук кымбат экенин,
Дел болуп акын тааныган.
Өксүтүп үрөй учурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган?
Жер жүзү ырдан агарды,
Жел менен кошо таралды.
Жетимиш кылым өтсө да,
Жер дагы ырды таянды.
Желеги түшпөй желбиреп,
Жеңсе да далай заманды,
Жеңсе да шарап, аялды.
Жез таңдай Омор Хаем да,
Жеңалды беле ажалды?
Өкүнүч тура шум жалган,
Өлүмдөн качып ким калган?
Оюна сөздү ширеткен,
Окуган адам дүр эткен.
Отелло, Король Лирлер,
От болуп чыккан жүрөктөн.
Шекери калып кагазда,
Шекспир өңдүү пир өткөн.
Өксүтүп үрөй учурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган?
Ар сабы ыйык келмедей,
Артыкча талант берген, эй.
Агылып түшкөн ырына,
Акындын бири чендебей.
Алмандын элин ыйлатып,
Асыл жан өткөн Гейнедей.
Аманат экен ушул жан,
Ажалдан кимдер кутулган?
Аяздуу белем кыш күндөй,
Ажалга кантем үшкүрбөй.
Арманды салып сезимге,
Ааламга түшкөн мүшкүлдөй.
Атүгүл алган эле го,
Акынды Улуу Пушкиндей.
Өксүтүп үрөй учурган,
Өлүмдөн кимдер кутулган?
Эл-журтка түшкөн кут кандай,
Эргип бир учкан куш кандай?
Турушу менен кут эле,
Туу кылып казак туткандай.
Тумшугуң сынган шум ажал,
Тузакты салды куткарбай.
Асылдар өткөн эмеспи,
Абай бир менен Мухтардай.
Аманат экен ушул жан,
Ажалдан кимдер кутулган?
Агылып улам ай, жылга,
Арылбас эми кайгым да.
Азалуу чыгат өкүрүк,
Акындардын айлында.
Кайгыртып бүткүл кыргызды,
Каякка кеттиң Байдылда?
Айжаркын талант не деген,
Алтынга бергис кен элең.
Аземин сөздүн тартуулап,
Ак калпак журтка дем элең.
Азилдеп айтчу “Батальон”,
Акыркы көкжал сен элең.
Азыр,
Айланып бизди жүрөбү,
Арман-ай,
Ажырап жаның денеден?
Ошо,
Кыргыздын жүрбөй төрүндө,
Кыйын иш салдың көңүлгө.
Кылымга чыксаң не болмок,
Кыялбай турам өлүмгө.
Өмүргө өлүм каршылаш,
Экөөнүн жолу кайчылаш.
Кайгырып жүрөк тилинип,
Карегин эзип тамчы жаш.
“Кайдасың, алтын атам?” деп,
Канкакшап калды Карлыгач.
Арга жок, акка көндүңбү,
Аяды качан көр кимди?
Асылын элден кыргыздын
Армандуу ажал бөлдүңбү?
Айланып кетпей канча жыл,
Акыры көргө көмдүңбү?
Ашуудан отчет берчү элең,
Байдыке эми,
Ажалдан отчет бердиңби?
Ким бүтөйт жердин тешигин,
Ким бүтөйт тоонун кетигин?
Ырайкан менен Мидиндин,
Ыр кылып ичтиң кешигин.
Кайгыртып кеттиң, кантели,
Байдыке эми,
Кара жер болсун бешигиң.
Күлүк бир жолдон адашкан,
Күнүбүз батты каяктан?
Күн-түнү боздоп Гүлсана,
Күйүттөн жанын канаткан.
Күйкөсүн албай карачы,
Күйгүзүп,
Күкүгүн алды Жараткан.
Кайрылып таппай кылаасын,
Каякка кетти ылаачын?
Кайберен баспас зоо элең,
Кара жер болду кулачың.
Боз үйдөй жылуу ырың бар,
Боектой элге жугасың.
Башкасын айтып не керек,
Байдыке эми, тукумуң,
Бактыяр балаң уласын.
Байдылда деген ким эле,
Балтилдүү ырдын пири эле.
Балдакчан жылбай калса да,
Балбандуу ырдын пили эле.
Кыргызга мындай акындан,
Кылымда берет бирди эле.
Тамшантып турган өз элин,
Таңдайы таттуу тил эле.
Жетигим агам өтпөй кал,
Жер муштап калдык тим эле.
Эмнеге ажал кас болгон,
Ээрчитип кетти ак жолдон.
Элимдин сыздап сай сөөгү,
Эчен бир көзгө жаш толгон.
Ээси жок калды Фрунзең,
Ээси жок калды “Таш коргон”.
Айла жок, ажал кас болгон,
Азгырып кетти ак жолдон.
Ак калпак кыргыз эл сыздап,
Азалуу көзгө жаш толгон.
Атасыз калды Фрунзең,
Атасыз калды “Таш коргон”.
Жалбырттап жанган өрт элең,
Жалганга салдың далыңды.
Кайрылбас болуп Байдыке,
Кайгыртып кыргыз айылды.
Какшатып кеттиң кантели,
Каректей Зина жарыңды.
Жанар тоо элең атылган,
Жалпыдан сени айырды.
Эми,
Жаткан жер торко жамынтып,
Жаннаттан берсин жайыңды.
Эми,
Күн тийбес жайда уктайсың,
Күйүттүү сөзүм укпайсың.
Күн батса чыгат кайрадан,
Күкүгүм,
Күн менен кошо чыкпайсың.
Аттигиң,
Ай тийбес жайда уктайсың,
Армандуу сөзүм укпайсың.
Ай батса чыгат кайрадан,
Абаке,
Ай менен кошо чыкпайсың.
Өзүңдөй чанда жаралат,
Өлүмүң жанды жаралап.
Өнөрүңдү эстесек,
Өзөктөн сызып кан агат.
Ылаачын куштай сабалап,
Ырларың калды аманат.
Ыйлайбыз кош деп айталбай,
Ыйманың болсун саламат.
“Улутчул дешчү билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн.
Улут деп келип дүйнөгө,
Улут деп кеттиң дүйнөдөн.
Кыргыз деп келип дүйнөгө,
Байдыке,
Кыргыз деп кеттиң, дүйнөдөн!”