Домой Пайдалуу кеңеш Кызыл пияздын кызыктары

Кызыл пияздын кызыктары

2066

кызыл пияз

Кадимки биз тамак-ашка пайдаланып жүргөн кызыл пияздын сиз билбеген көп пайдалуу жактары бар. Анда антибиотикалык жана минералдык заттар, В, А, С витаминдери, заара айдап чыгуучу касиети бар. Дал ошондуктан кызыл пиязды элдик медицинада кеңири колдонушат. Окумуштуулар жакында кызыл пияздын дагы бир баалуу касиетин ачышты – ал калкан безинин иштөөсүн бир кыйла жакшырта алат. Иштин баары кызыл пияздагы фосфор кислотасында тура. Көңүлгө алар бир кеңеш – пияздын дарылык касиети аны чийки боюнча пайдаланганда гана күчүндө болот.

Кечинде уктар алдында кызыл пиязды тең экиге бөлөбүз. Бир бөлүгүн алып аны менен калкан бези жайгашкан моюн жагыбызды массаж кылабыз. Кыймылыбыз абдан жай жана тегиз болушу керек. Массаж 10 мүнөткө созулат. Пиязды мойнубузга сүрткөн соң дароо жууп салбастан таңга чейин күтүү керек.