Домой Коом Сыймык Бейшекеев: “Аманатты аткарып, Элмикемдин туягы Эруланга комуз тапшырып келдим” (ФОТО)

Сыймык Бейшекеев: “Аманатты аткарып, Элмикемдин туягы Эруланга комуз тапшырып келдим” (ФОТО)

133

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев Эркин аттуу мырзанын аманат кылып тапшырган 3 комузун өз ээлерине жеткиргенин айтат:

“Бүгүн Элмикемдин үйүнө бардык, аяш уулум Адылхандын мектепке киргенин куттуктап, анан Эркин аттуу талант сыйлаган агабыз Элмирбек көзү тирүүсүндө өзүнө анан бир шакиртине комуз белек кылсам деп комуз чаптырып бирок бергенге жетишпей калган экен.

Ошол комуздарды тапшырып коюу аманатты мага табыштаган, береги сүрөттөгү үч комуздун бирөөсүн мага берди, Эркин аганын өтүнүчү менен бирин Элмирдин өкүл баласы, шакирти төкмө акын Азамат Болгонбаев ге бирөөсүн залкардын туягы Эруланга тапшырып келдим. Өнөр сыйлаган сиздей азаматка алкыш Эркин ага, Эрулан аяш уулум дагы ата жолун жолдогон, элдин батасына арзыган чыныгы эр улан болсун!

 

булак: bars.media