ephedraxin ingredients. Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде пикир келишпестиктерден улам кыргызстандык команда оюн талаасына учурунда чыкпай калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.
Программа боюнча Кыргызстан менен Монголиянын беттеши бүгүн саат 9.00дө башталмак.
Буга чейин Кыргызстандын улакчыларына көк бөрүгө түшө турган аттардын арткы буттарындагы такаларды чечип оюнга катышуу керек деген талаптар коюлган. Казак тарап муну Көкпардын эрежесине такаган.
Мындан улам Кыргызстандын улакчылары оюн талаасы кум-таш аралашкандыктан аттардын жаракат алышынан кооптонуп, мелдешке катышуудан баш тартышкан. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам алгач комментатор Кыргызстан командасын Монголиядан утулду деп жарыялап жиберген. Бирок кайра сүйлөшүүлөр жүрүп, улуттук команданын аттарына такасы менен чыгууга уруксат берилди.
Азыркы тапта Тажикстан менен Өзбекстандын улакчылары беттешип жатат. Алардан кийин Кыргызстандын командасы Монголия менен чыгаары белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Казакстанда «ЭКСПО-2017» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген «көкпар» (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты 20-28-август күндөрү Астананын «Казанат» ат майданында өтүп жатат.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын эң мыкты оюнчуларынын бири Манас Ниязов Астанада өтчү дүйнөлүк чемпионатка барбай калышы коомчулуктагы талкууга жем таштаган.
Булак: sputnik.kg