Домой Коом Сооронбай Жээнбеков: Жалпы узундугу 1170,53 км болгон Өзбекстан менен чек аранын чийилген...

Сооронбай Жээнбеков: Жалпы узундугу 1170,53 км болгон Өзбекстан менен чек аранын чийилген долбоору даяр

53

cialis order to nigeria. 1400247.1.1503285984

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «5-каналга» курган маегинде Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Ариповдун иш сапарына байланыштуу пикирин билдирди.

Эки тарап тең конструктивдүү кызматташууну жана активдүү карым-катышта болууну каалайт, деп белгилейт С. Жээнбеков.

«Биз премьер-министр Абдулла Арипов башында турган Өзбекстандын делегациясын кубануу менен тосуп алдык. Эгемендүүлүк алган жылдарда, акыркы 25 жылдан бери коңшулаш мамлекеттин премьер-министри биздин өлкөгө биринчи жолу сапар менен келди. Сүйлөшүүлөр конструктивдүү достук маанайда өттү. Биз эки өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрдүк – эки тараптуу кызматташуу боюнча жана кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча. Эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму акыркы 8 жылдан бери өткөн эмес. Андыктан бул биздин өкмөт үчүн белгилей кетүүчү окуя», — деп билдирди С. Жээнбеков интервьюда.

Ал Өкмөттөр аралык комиссиянын теңтөрагалык статусу биринчи жолу өкмөт башчыларынын деңгээлинде көтөрүлгөнүн эске салды. «Бул бизге өтө актуалдуу маселелер боюнча ыкчам талкуулоого жана чечимдерди кабыл алууга жол берет, андай маселелер аз эмес. Өзгөчө биздин жарандардын коңшулаш республикага каттоо маселеси. Биз биздин мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, маданий-гуманитардык байланышты мындан ары да өнүктүрүү үчүн бардык күчтү жумшоо боюнча макулдаштык», — дейт С. Жээнбеков.

Ал өзбек тарап Кыргызстандын рыногуна айыл-чарба техникаларын, автоунааларды, тиричилик техникаларын алып келүүгө даяр экендиктерин билдирди. Өз кезегинде кыргыз тарап азык-түлүк жана кайра иштетүүчү өнөр жай продукцияларын, сот жана эт азыктарын, ошондой эле текстиль жана электр лампасы продукцияларын жеткирип турууга даяр. Анан дагы дене тарбия жана спорт, жаштар саясаты жана билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо сфераларында кызматташуу маселелери каралды.

Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын делимитация жана демаркация маселелери боюнча Кыргызстандын премьер-министри бир жыл мурун кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жанданганын, ошондон бери карай мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын жумушчу тобунун 15 жолугушуусу болгонун белгиледи. «Бул өтө көп, мындай жолугушуулар көптөгөн жылдар бою бир да жолу болгон эмес. Анан бир жыл ичинде 15 жолугушуу болуп атат. Бул аракеттер натыйжасын берүүдө, маселе ордунан козголду. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы узундугу 1170,53 км болгон чек аранын чийилген долбоору даярдалды. Бул акыркы 25 жылдагы жасалган өтө олуттуу иш», — деп билдирди премьер-министр С. Жээнбеков.

«Сиздер билгендей, эки мамлекеттин президенттери Самарканддагы жолугушуусунда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу боюнча макулдашкан. Ушунун негизинде отурум ийгиликтүү өттү. Биздин президенттердин жеке мамилелери бул сүйлөшүү процессине өтө жакшы таасир этти. Мен муну өзгөчө белгилеп кетишим керек», — деп сөзүн жыйынтыктады С. Жээнбеков.