Домой Коом Бүгүн көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу старт алат

Бүгүн көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу старт алат

148

Бүгүн, 18-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы «Белек» ат майданында көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу старт алат.

Өлкө чемпиондугуна 7 облус жана Ош, Бишкек шаарынан 1ден команда чыгып, жалпы 9 команда ат салышат.

Бүгүнкү оюндардын тизмеси: Саат 11:00: Чүй облусу — Бишкек шаары;

12:30: Талас облусу — Ысык-Көл облусу;

14:00: Ош облусу — Жалал-Абад облусу.