Домой Саясат Ташиев: Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты

Ташиев: Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо эмне артыкчылык аларын айтты

39

Эгерде Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болсо, аны генерал-губернатор жетектейт. Бул туурасында УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев чек арага жакын аймактардын жашоочулары менен жолугушуп жатканда айтты.

Жолугушуу бүгүн, 18-февралда, Баткенде өттү.

«Баткен облусуна өзгөчө статус бере турган болсок, анын башчысы генерал-губернатор болот. Жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерин ишке өзү коюп-алып, чечимдерди өзү кабыл алып, ушул жерде өзүнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү болот», — деди Ташиев.

Ал мындай макам Кыргызстандагы дубандардын ичинен жалгыз гана Баткен облусу үчүн каралып жаткандыгын айтты.

Буга чейин премьер-министр Улукбек Марипов өкмөт Баткен облусуна өзгөчө статус берүү маселесин карап жаткандыгын айткан.

Ал эми үч күн мурда, 15-февралда, Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

булак: sputnik