Домой Криминал Орусияда кыргыз жараны адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Орусияда кыргыз жараны адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

46

Екатеринбургда түркмөнстандык кыздын өлүмүнө шектелип кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, Түркмөнстандан келген 26 жаштагы кызды өлтүргөн деген шек менен ыкчам кызматкерлери кыргыз жаранын кармашкан.

Белгилүү болгондой, кекиртеги кесилген кыздын денеси өткөн аптада Степан Разин көчөсүндө жайгашкан батирден табылган. Детективдер шектүүнүн изине түшүшүп, 11-февралда шектүүнү ижарага алынган батиринен табышкан.

“Кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөткөн жок. Ал күнөөсүн мойнуна алып, акча үчүн өлтүргөнүн айтты. Тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Ошондой эле, ал башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилет”, – делет маалыматта.