Домой Коом Кочкор районунда Турдакун Усубалиев атындагы шахмат академиясынын ачылышы болду

Кочкор районунда Турдакун Усубалиев атындагы шахмат академиясынын ачылышы болду

61

Кочкор районунда Турдакун Усубалиев атындагы шахмат боюнча академиясынын ачылышы өттү.

Ачылыш аземге Кочкор районунун акиминин орун басары Нурлан Эшмухамбет уулу, Милан Турпанов, шахмат боюнча Азия чемпиону Ислан Байсынов, Нурлан Шергалиев катышып, академиянын кызыл тасмасын кесишти.

«Кочкордо шахмат академиясын ачуу демилгесин шахмат боюнча Азиянын чемпиону Нурлан Шергалиев демилгелеген. Академияга өлкөбүздү чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев атабыздын ысымын берип жатабыз. Себеби шахмат акылды талап кылган, стратегиялык оюн болгондуктан ушул ысымды ылайык көрдүк. Келечекте жер бөлдүрүп, атайын шахмат академиясын курсак деген максатыбыз бар. Бул академиядан келечекте мыкты оюнчулар чыгып, өлкөбүздүн байрагын дүйнө жүзүнө желбиретет деген ишеничтемин», — деди Милан Калыбекович.

Т.Усубалиев атындагы шахмат академиясын уюштуруучусу Нурлан Шергалиевдин айтымында, шахмат академиясына 4 жаштан жогорку балдар кабыл алынат.

«Окуу жумасына үч жолу болот. Ал жерде жалгыз эле шахмат үйрөнбөстөн адамдар менен тил табышуу, мектептерде сабакты тез өздөштүрүү ыкмалары үйрөтүлөт. Андан сырткары чоң адамдар үчүн да курстар ачылмакчы», — деди ал.

Иш-чарада шахмат академиясын ачуу үчүн көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө жана уюштуруучуларга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жана Шахмат федерациясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды. Бул күнү жергиликтүү шахматчылар ортосунда мелдеш өтүп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилди.

булак: turmush.kg