«Жаңы Ордо» гезитинин 12-февралда чыккан санынан «Совет доорунун өз «Абил бийлери» болгон же Төрөкул Балтагуловду ким өлтүрткөн ?» — деген аталышта Азамат Салиевдин макаласы жарык жарыяланыптыр. Бул макала советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер Т. Балтагуловду эскерүү иретинде жана 100 жылдык мааракесине арналып жазылган ал макалада автор Балтагулов менен Усубалиевдин тиреши, Балтагулов Кочкорго иш сапарга барганда, конокто уулаганын, ошондон эки жума өтпөй каза тапканын жазган. Албетте, Салиев деген автор ал окуяларды кудум оюнан чыгаргандай, эч далили жок эле жазган. Бул макала боюнча Усубалиевдин туугандары сотко кайрылса деле сөз жок утуп чыгарына ишенсек болот. «Чагылган кg» маалыматы агенттиги бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын баатыры, академик Мамбет Мамакеевге кайрылып, кепке тарттык. Себеби, 1966-жылы Мамакеев Балтагуловго операция жасаган дарыгерлердин бири катары окуянын чоо-жайын толук билет экен. Атактуу академик Т. Балтагуловдун оорусу жана өлүмү тууралуу кенен айтып берди:
Мамбет Мамакеевдин Т.Усубалиев эмгеги тууралуу айтканы:
Окурмандарга Балтагулов Төрөкул тууралуу кыскача маалымат:
Өмүр жолу: Балтагулов Төрөкул. (1920, Ала-Бука району, Кош-Алмурут кыштагы — 1966, Фрунзе шаары.) — советтик парт, ишмер. 1940-жылы Фрунзе шаарындагы мугалимдерди даярдоочу иниститутка кирип, аны бүтүргөндөн кийин райондо мугалим, мектеп директору, райононун башчысы, андан кийин партиянын Ала-Бука райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1941-жылдан КПСС мүчөсү. 1943—49-жылдары Кыргызстан ЛКЖСтин Жалал-Абад обкомунун пропаганда боюнча секретары, биринчи секретары, кийин Ош облкомунун секретары, Ош областынын Эмгекчи депутаттар советинин аткомунун председатели.1955-жылы партиянын Жалал-Абад обкомунун биринчи секретары, Ош жана Жалал-Абад областтары кошулгандан кийин Ош областынын Эмгекчи депутаттар советинин аткомунун председатели, андан кийин Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи секретары. 1962-жылдан профсоюздардын респ. советинин председатели . 1947-51-жылдары жана 1955—59 жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин, 1958—66-жылдары СССР Жогорку Советинин депутаты.