Активист Төрөхан Жунусбеков “MegaCom” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кечээ, 7-декабрда тиешелүү буйрукка компаниянын жетекчиси Акылбек Жамангулов кол койгон.
Эске салсак, Төрөхан Жунусбеков башаламандык учурунда Бишкек шаарынын мэриясын басып алып, шаар башчылык милдетти аткарууга аракет кылган.
булак: kabarlar.org