Домой Спорт Казактын эки штангисти Олимпиададан кур калды

Казактын эки штангисти Олимпиададан кур калды

70

Алмас УтешевДопинг колдонгону үчүн казакстандык штангисттер Алмас Утешев менен Жасулан Кыдырбаев Бразилиядагы олимпиадага катышпай турган болду. Бул туурасында Казакстандын Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамед уулу билдирди. Анын билдирүүсүндө допинг колдонгондорго катуу чаралар көрүлөт. Дагы бир штангист кыз допинг колдонгону үчүн өмүр бою спорттон четтетилди. Баса, Олимпиадада биринчи орунду алган казакстандык 250 миң доллар, экинчи орунга — 150 миң, үчүнчү орунга  — 75 миң берилет.