Домой Коом ИИМ уурдалган 37 млн. сомду мамлекетке кайтарды

ИИМ уурдалган 37 млн. сомду мамлекетке кайтарды

62

сом

Ички иштер министринин коррупцияга, шылуундарга каршы иш жүргүзүп жаткан 5 – башкы башкармалыгы салыштырмалуу бир топ жакшы иштерди жасап, алкышка татып олтурат. Айтсак, бул башкармалык 3 айдын ичинде 239 кызматтык жана коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин козгогон. Мунун ичинен 32си пара алуу боюнча кылмыштар экен. Бүгүнкү күндө бул кылмыштардын айынан мамлекет 252 млн. 830 миң сом зыян тарткан. Бул акчанын 37 миллион сомго жакыны азырынча аталган башкармалык тарабынан мамлекеттик казынага кайтарылды.