Бүгүн, 9-апрелде коңшу Казакстандын Алматы шаарында «Токио-2020» жайкы Олимпиада оюндарына тандап алуу турнири башталды.
Тандап алуу турниринин алкагында Кыргызстандын атынан күрөштүн грек-рим түрү боюнча 60 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековжарым финалда индиялык балбанды 6:1 эсебинде жеңип, турнирдин финалына жолдомо алды.









