prednisolone for dogs. ЖКдагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Искак Масалиев деген депутатынын эл анча биле элек өнөрлөрү бар. Көпчүлүк билет, билинбеген менен ал абдан бай адам. Белгилүү болгондой ал Салык кызматын жетектеген. Ал эми 2010-жылга чейин Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Көлмө (Озерный) айылында балык баккан бир топ (чоңдугу ар кандай) көлмөлөрдүн үчөөсүнө ээ болгон экен. Сатып алганбы, же башка жол менен алганбы, анысын жакшы билбейбиз. Ал эми аталгн айылда союз кезден бери балык багылып келет. Так ошол жерде илгери атагы катуу чыккан “Балыкчы” АОсу да жайгашкан. Бирок ал ишкана 90-жылдардан кийин менчиктелип, талаш-тартышка түшүп, азыр анын акционерлери бир топ адам дешет. Бирок кийин көпкө уланган соттошудан соң, акыры Жогорку Соттон “Балыкчы” АОнун акционерлери ээ болуп чыгышкан экен. Аларга Ал эми депутат Искак Масалиев болсо балык баккан 3 көлмөсүнө үзүлүп-түшүп, көп барып турат.
https://www.youtube.com/watch?v=-h0GkpomHUc
Барганда да жөн барбай, ошол жактагы акционерлерге жакшылык кылмак турсун, каналда аккан сууну ар кандай шылтоо менен бербей куратат экен. Аны береги тасмадан көрсө болот. Акционерлер өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген депутатка абдан наарызы. Бул тасма 4-июнь күнү тартылган. Масалиев Көлмөгө барып сууга жетпей жаткан эл менен айтышып жатканын, ар кандай шылтоо айтканын көрүүгө болот. Бирок акыры эл көпчүлүккө салып жатып, каналга суу коё беришти. Негизи, мыйзам боюнча ЖКнын депутаты бизнес менен алектенгенге тыюу салынган. Ал эми Масалиев минтип ачыкта-ачык бизнес менен алек болуп, жөн гана алек болбостон элге да зыянын тийгизип жатат. Деги анын ал жерде кандай кызыкчылыгы бар? ЖКга эл үчүн иштебей эле, балык ж.б. бизнестерин коргогону келди беле?
https://www.youtube.com/watch?v=EzRiV46yUZk