Кыргызстандын балбаны Жоламан Шаршенбеков Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) жарыялаган жаңы рейтингде 1-орунга жайгашты.
Жаңы рейтинг Казакстандын Астана шаарында жаңы жыйынтыкталган Азия чемионатындагы натыйжанын негизинде түзүлгөн. Быйылкы чемпионаты 9-14-апрель күндөрү өттү.
Азиянын чемпиону Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) бул орунун сактап калды. Алтын медаль менен катар 10000 упайга ээ болгон балбан рейтингди жетектеп турат.









