Эл аралык күрөш федерациясынын (UWW) рейтингдик турнири Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлөт.
2023-жылы Рейтингдик Сериялар турниринин үчүнчүсү Бишкек шаарында өтөт.
Турнир «Каба уулу Кожомкул & Раатбек Санатбаев» деп аталып, 1-4-июнь күндөрү спорт ордосунда өткөрүлөт.
Жалпысынан эркин күрөшү боюнча кыз-келиндер жана мырзалар ортосунда, ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча мырзалар арасында 30 комплект медаль ойнотулат.
Турнирдин жыйынтыгына жараша балбандарга упай берилет.