Домой Спорт Өлкөнүн Грек-рим жана эркин күрөшү боюнча чемпионаты башталат

Өлкөнүн Грек-рим жана эркин күрөшү боюнча чемпионаты башталат

34
Gr 60kg Razzak BEISHEKEEV (KGZ) df. Eugen SCHELL (GER)

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында 21-22-январь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында күрөштү жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Мелдеш UWW эл аралык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өтөт.

Спортчулар 55, 60, 63, 67, 72, 77, 82, 87, 97 жана 130 кг салмак категорияларында күч сынашат.

Мелдештин программасы:

Башталышы: 21-январь, саат 11:00;

Ачылыш аземи: 21 январь саат 17:00.


Ал эми, эркин күрөш боюнча биринчилик 23-24-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт. Чемпионат улуттук курама команданы түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкө жаштарынын арасында күрөштү жайылтуу максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун бекиткен эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.

Спортчулар 57, 61, 65, 70, 74, 79, 86, 92, 97 жана 125 кг салмак категорияларында күч сынашат.