Домой Спорт Киевде өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 13 медалга ээ болушту

Киевде өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 13 медалга ээ болушту

109

Киевде эркин, грек-рим жана кыздар арасында өткөн эл аралык турнирде кыргызстандык балбандар 13 медалга ээ болушту.

Эл аралык күрөш федерациясынын расмий сайтында жарыялангандай, алтын байгеге Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Үзүр Жусупбеков ээ болду. Ал эми Жоламан Шаршенбеков, Назира Марсбек кызы,

Айпери Медет кызы жана Эрназар Акматалиев күмүш медалга татыды. Андан тышкары, дагы 6 балбан коло медаль тагынышты. Мелдеште 33 өлкөдөн, 600 спортчу ат салышты.