Домой Спорт Украинада грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде кыргыз балбандары өлкө намысын коргойт

Украинада грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде кыргыз балбандары өлкө намысын коргойт

271

Украинада өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге Кыргызстандын атынан балбандар катышып, өлкөнүн намысын коргошот. Бул тууралуу күрөш федерациясы маалымдады.

26-28-февраль күндөрү Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандарды жана машыктыруучуларды эскерүү үчүн күрөш боюнча XXIV эл аралык турнир өтөт.

Турнирге Кыргыз өлкөсүнүн атынан грек-рим күрөшү боюнча 12 балбан катышат. 

Алар: Абдуллаев Нурмухаммет, Шаршенбеков Жоламан, Сулайманов Калы, Асикеев Марлен, Исмаилов Амантур – 67 килограмм, Махмудов Акжол, Түгөлбаев Кайратбек, Асыкеев Калидин, Салидинов Азат, Жузупбеков Үзүр, Махмудов Бексултан, Ким Роман.

Эркимбаев Азат – Башкы машыктыруучу, Карачолоков Улукбек – Улук машыктыруучу жана Бичанов Иса – Дарыгер.