Домой Коом Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы Көлдө да иштеп баштады

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы Көлдө да иштеп баштады

140

Кайгуул милициясы

Ички иштер министри Мелис Турганбаев кызматка келгенден бери республикабыздын аймагын кыдырып, форумдарды өткөрүп, терс көрүнүштөр, кылмыштуулук менен күрөшүүгө коомчулукту да тартып келет.

Өткөн жуманын соңунда ал Ысык-Көл облусунда болуп, диний экстремизмдин, эл аралык терроризмдин жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, коомчулук менен ички иштер органдарынын өз ара байланышын чыңдоого арналган форумга катышып, жергиликтүү бийлик, эл менен бирге жогоруда айтылган маселелерди талкуулады. Форумдун акырында дал ушул иштерди натыйжалуу жүргүзүү боюнча резолюция кабыл алынды.

Ушул эле күнү Каракол шаарынын түштүк тарабындагы кире беришине «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондунун эсебинен 1 миллион 994 сомго салынган патрулдук милициясынын бөлүмчөсү үчүн курулган имаратты ачуу, облустагы ички иштер кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы салынып жаткан бала бакчанын пайдубалын тургузуу аземдери болду.

Бул күнү жаңы түзүлгөн «Кайгуул күзөт» милициянын ишин баштоо дагы расмий белгиленип, ал кызмат үчүн 10 унаа тапшырылды.

К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театрда өткөн форумда облустук ички иштер башкармасынын мурдагы башчысы Эмил Салиевди жаш курагына байланыштуу эс алууга узатуу аземи да болуп, анын ордуна жаңы жетекчи Октябрь Урманбетов жана анын орун басары Нургазы Увалиевди дайындап кетти. Буга чейин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Сарчаев Нарын облусунун ички иштер башкармалыгына башчы болуп кеткен эле. Иш-чарада Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы орун басары Эмил Салиевдин кесипкөй иши, бир катар митингдерди жөнгө салып, коомчулук менен тыгыз байланышта иштегени, деги эле, эл менен болгон жылуу мамилеси форумдун катышуучулары тарабынан бааланды. Албетте, кызмат деген келет-кетет, бирок, аны жакшы иштеп, кийинки келген адамга татыктуу өткөрүп берүү, элдин ак батасы менен узоо дагы ар бир адамдын башына келе бербесе керек. Салиев бул күнү кесиптештери тарабынан ак боз ат мингизилип узатылды.

А негизгиси, кыргыз милициясынын ишин уюштуруу, аны коомчулук менен жакындатуу, ал аркылуу кылмыштуулукту ооздуктоого болгон аракеттин күчөгөнүн айтпай коюуга болбойт. Милициянын ишинин натыйжалуу болушун, деги эле анын кадыр-баркын көтөрүү аракети министр Мелис Турганбаев тарабынан  жеткиликтүү көрүлүп жатканын баса белгилеп айтышыбыз абзел.

Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция дагы ошондой жаңылануунун бир кадамы.

Бул кызматтагылар ошондой эле, “102” менен түшкөн тез чакырууларга мобилдүү чыгышат. Кылмыштуулуктун изин суутпай изилдөөгө милдеттендирилип, унааларды текшерүүгө акылуу. Алар бир жерде туруп иштебей, өз маршруту менен кыдырып иш жүргүзөт жана ошол территорияда болгон кылмышка жооп берет. Андан сырткары, бул кызматкерлердин төш белгиси барлар жол эрежесин бузгандарды токтотуп, төшүндөгү видео-регистратор аркылуу эреже бузган унаалардын айдоочулары менен мыйзам чегинде иш жүргүзөт. Алардын кыймыл-аракетинин баары видеого тартылып, ошол эле жерде ички иштер башкармалыгындагы терминалга да жазылат. Видеолор бир айга чейин сакталып, андан соң дискке түшүрүлөт. Видеону өчүрүп койгондор кызматтан айдалары да айтылды. Бул айдоочулар тарабынан түшкөн ар кандай арыздардарды текшерүүгө ыңгайлуу.

Турганбаев жаңы кызмат тууралуу: “Бул кыргыз милициясын реформалоодогу чоң кадам. Учурда патрулдук милиция дүйнө жүзүндө иш алып барат. Анын кызматкерлери 24 саат бою жарандар менен  бетме-бет иштешет. Менимче, көчөдө тартип болсо, бардык жерде тартип болот. Биз бул кызматтын ишин жөнгө салган соң, андан кийинки кадамдарга барабыз. Анткени, жашоодо жаңыланып туруу өтө зарыл. Биздин тармакта жаңылануу кылдаттык менен ишке ашат”, — деп билдирди.

Анын айтуусунда, патрулдук милицияга өлкө боюнча 3000ге жакын кызматкер тартылат. Жаңы кызмат азырынча өлкөбүздүн Бишкек, Нарын, Чүй жана Көл тарабында гана түзүлүүдө. Биринчи июндан баштап калган региондордо да уюшулат. Ага чейин анализ жүргүзүлүп, коомчулуктун пикирин эске алуу менен бир ыраатка түшөт. Кыскасы, 9 ай ичинде, сентябрга чейин бул кызматтын иши өлкөбүз боюнча толук кандуу жүрө баштайт дейт министр.

Жумагүл БАРКТАБАСОВА