Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү арызын жазды.
Маалыматка ылайык, Жапыкеев арызды бүгүн, 28-апрелде жазган.
Айтымында, ага карата эч кандай басым болгон эмес, ал кызматтан ден соолугуна көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн кетип жаткан.
Эсиңизде болсо Өкмөттүн буйругу менен Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп 30-мартта дайындалган.
Мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Интернетте бийликти кескин сындап белгилүү болгон. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого оппозициялык «Чоң казат» партиясын жетектеп барган. Октябрдагы бийлик алмашуудан кийин Финансы полициясына жетекчи болгон.









