Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев “Аксы окуяларынын, март, апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө мыйзамга кол койду. 17-мартты жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү — “Аксы окуялары күнү” деп жарыялансын; 24-мартты — жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү — “2005-жылы 24-мартындагы Элдин революция күнү” деп жарыялансын; эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң оор, эң татаал соңку ашуусун элибиз 2010-жылдын 7-апрелинде ашып өткөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жылына белгиленүүчү “7-апрель — Элдик Апрель революциясы күнү” Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталсын. Булар менен бирге “24-мартты улуттук майрамдоо күнү” мурунку мыйзам жокко чыгарылды.
Баса, Атамбаевдин демилгеси менен Аламүдүн районундагы Арашан айылында Апрель элдик революцияда курман болгондордун эстелигине арнап аллея түзүлүп жатат. Аз күн мурун ишембилик уюштурулуп, 1000 көчөт тигилди.