Домой Коом Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө жыл...

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүндө жыл жыйынтыгы жыйынтыкталды

61

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн 2021-жылдын 12 айында аткарган иштери, ошондой эле алдыда жол-транспорт кырсыктарын кыскартууга багытталган иштерди аткара турган тапшырмалар боюнча ыкчам кеңешме өткөрүлдү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын началнигинин орун басары Ыманалы Саркулов  Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында коюлган тапшырмаларын аткарылышын көзөмөлдөө жана жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында кызмат өтөп жаткан жол кыймылынынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өздүк курамынын ишмердүүлүгүндө бир жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын жыйынтыктап, жаңы 2022-жылга карата аткарылуучу иштерди аныктап, өздүк курамдын ишмердүүлүгүн күчөтүүгө, жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга, жарандарыбыздын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого  багытталгын тапшырмаларды коюп жыйын өткөрүдү.

Жыйындын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын началнигинин орун басары Ыманалы Саркулов, Ысык-Көл ОИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн аппарат кызматкерлеринин, андан сырткары район-шаарларда аткарылган иштердин жыйынтыктары менен таанышты. Ал өз сөзүндө жол кырсыктардын өсүүсү коомдогу эң бир көйгөйлүү маселелердин бири болуп жаткандыгын, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча КРдин президенти, министрлер кабинети, ошону менен бирге ички иштер министри тарабынан бир топ тапшырмалар берилгендиги жана бул тапшырмаларды аткаруууда ар бир кызматкер кызматтык милдеттерин так аткаруусу жана  жоопкерчиликтүү экендигин баса белгиледи.

КР ИИМдин ЖКККБнын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги Ыманалы Саркулов ар бир район-шаардагы ЖККК бөлүмчөлөрүнүн жол кырсыктардын алдын алуудагы аткарган иштерине токтолуп, кемчиликтерди айтты.

Андан сырткары жол кырсыктарынын алдын алууда өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарбастан, кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Ак-Суу РИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнын жетекчисине «сөгүш», Түп РИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнын жетекчисине «сөгүш», Балыкчы ШИИБү боюнча ЖККК бөлүмчөсүнын жетекчисине «катуу сөгүш» тартиптик жазалар жарыяланды, ал эми калган бөлүм жетекчилерине эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле Ыманалы Саркулов ар бир район-шаардагы ЖКККБнын начальниктерине жол-транспорт кырсыктарын алдын алууга жана болтурбоого көзөмөлдү күчөтүүнү, коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулуучу жерлерде укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштерди күчөтүүнү, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жол кыймылынын катышуучуларынын арасында жол кырсыктарын алдын алууга багытталган үгүт-насаат иштерин тынымсыз жүргүзүүнү милдеттендирди. Облус аймагында болуп жаткан жол-транспорт кырсыктарына дыкаат талдоо жүргүзүп, рейддик иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, эпидемиялогиялык абал кайрадан курчуп жаткандыгына байланыштуу кызматкерлердин арасында эпидемиологиялык нормаларды сактоо, илдетке каршы эмдөөнү колго алуу тапшырмасын берди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу багытында үгүт-насаат иштерин жүргүзүүдө айыл өкмөттөр, акимдер, жүк жана жүргүнчү ташуу менен алектенген мекемелердин жетекчилери менен миргелешкен жыйындарды, эл менен жолугушууларды уюштуруп, түшүндүрүү иштерин күчөтүү тууралуу тапшырмаларды биринчи кезекте жетекчилер тарабынан жеке көзөмөлгө алуу талаптарын койду.

2021-жылы облус аймагында жалпы 474 жол кырсыгы катталган, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу 21,8 пайызга көптүк кылат. Анын кесепетинен 134 жаран каза болуп, 840 жаран денесинен ар кандай оор жаракаттарды алышкан, бул көрсөткүч мурунку жылга салыштырмалуу

 

          КР ИИМдин Басма сөз кызматы