Домой Аналитика Айбек Осмонов: Кумарканалар боюнча мыйзам долбоору башкача аталыш менен добушка коюлган (видео)

Айбек Осмонов: Кумарканалар боюнча мыйзам долбоору башкача аталыш менен добушка коюлган (видео)

41

Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңеште Ысык-Көл аймагында кумарканаларды чет элдиктер үчүн ачуу маселеси каралып, ал депутаттардын көпчүлүк добушу менен биринчи окуудан кабыл алынган. Залда жыйынга катышкан 67 депутат “Макул”, 23 эл өкүлү “Каршы” добуш берген.

Бул мыйзам долбоорун өткөрүп жатканда депутат Рыскелди Момбеков күч колдонулуп, кабыл алынды, – деп социалдык тармакка билдирүү калтырган. Андан көп өтпөй эле эл өкүлү Айбек Осмонов дагы социалдык тармакка билдирүү калтырып, анда ал мыйзам долбоору депутаттарга башка аталыш менен келгендигин айтып, ошондон улам көп эл өкүлү кайсыл мыйзам долбооруна добуш берип жаткандыгын билбей калгандыгын кабарлаган.

Анын айтымында, ал дагы аталган долбоорго “Макул” деген баскычты адашып басып алган.

Азыркы учурда көз боёмочулук КРнын ЖКнин жыйынында да болуп турат экен. Дегеним, добушка коюу учурунда бир нече темаларды коет эмеспи. Ошолордун арасына толук теманы жазбай, арсар түшүнүктөгү тема кылып добуштан өткөрүп жиберүү аракети жүрдү окшойт. Бирок, мага окшогон кесиптештерим адашып «макул» добушун бергендер ыкчам билдирүү жасап, добушту эсептебөөгө кайра сунуш киргизди. Бул менен өзүнүздөргө маалымат иретинде жана тарых үчүн айтып кетейин: Мен жана дагы кээ бир кесиптештерим Ы-Көлдөгү курула турган кумаркананын ( казино) мыйзамдаштырууга каршы экенибизди билдирип, 1-2-3 отурумда кабыл алынбашына аракет жасайбыз”, – дейт депутат Айбек Осмонов.