Домой Экономика ОПЕК фонду Ысык-Көл шакекче жолун оңдоого 10 млн доллар берет

ОПЕК фонду Ысык-Көл шакекче жолун оңдоого 10 млн доллар берет

129

Эл аралык ОПЕК өнүктүрүү фонду Ысык-Көлдөгү Корумду — Балбай жергесиндеги шакекче жолун оңдоп-түздөөгө 10 млн доллар берет. Бийлик тарабынан аталган насыялык макулдашууга экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Долбоор Корумдудан Балбай айылына чейин Былыкчы — Каракол — Балыкчы шакекче жолун реконструкциялоого багытталат. Анын ичине көпүрө куруу, топурак, дренаж иштери жана ошондой эле институционалдык потенциалдар – кеңеш алуу кызматтары, курулушту көзөмөлдөө, долбоорду жетектөө, аудит жумуштары, автожолун иште кармоого жабдыктар кирет деп айтылат билдирүүдө.