Домой Саясат Жети-Өгүз жана Тоң районундагы коомдук уюмдар Муратбек Исмаиловду ЖКнын депутаттыгына талапкерлигин колдойт

Жети-Өгүз жана Тоң районундагы коомдук уюмдар Муратбек Исмаиловду ЖКнын депутаттыгына талапкерлигин колдойт

310

Муратбек Исмаилов өзүнүн 37 жаш курагында коомчулукта чоң абройго ээ, эмгек тажрыйбасы жана прогрессивдүү идеялары мол жигит. Балалыгын Жети-Өгүз районунун Тосор айылында өткөргөн. Жогорку билимди экономика илимдери боюнча алган жана ушул багытта магистрдик даражанын ээси. 2005-жылы банк системасында – коммерциялык банктарда жана финансылык компанияларда иштеген. Казакстан менен Тажикстандын каржы системасында иштеген тажрыйбасы бар. Эл аралык уюмдарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү, Утрех шаарында (Нидерланд) “Агробизнес-инкубатордун” бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери болуп иштеген. Учурда өзү түптөгөн ишканасы аркылуу Кыргызстандын региондорунун өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.

Муратбек Исмаилов өз өлкөсүнүн чыныгы мекенчил уулу катары Кыргызстандын микрофинансылык тармагына жана аймактарды өнүктүрүү долбоорлоруна ири өлчөмдө инвестиция тартып келген. Жаштар, анын ичинде аялдар үчүн жумуш орундарын түзүүгө такай жардам берип келет, жаштардын демилгелерин колдойт, жаш ишкерлерге кол кабыш кылат жана Ысык-Көл облусунун Бишкектеги футбол лигасын колдоп келет. Кыргызстандагы BIO-KG органикалык кыймылды түзүүдө башында турган. КР Экономика жана Айыл чарба министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланган.

Биз Муратбек Исмаилов Жогорку Кеңеште эл өкүлү болууга татыктуу экенине ишенебиз. Ал Ысык-Көлдүн айылдары үчүн буга чейин эле көп нерсе жасады, өзү жакындан билген маселелерди чечүү үчүн чоң инвестицияларды тартып келди. Эгер ал Жогорку Кеңешке келсе, кыргызстандыктар үчүн дагы көп жумуштарды жогорку даражада жана сапаттуу бүтүрүшүнө ишенебиз.

Бийлик алмашыш керек. Парламентке жаш, таланттуу, эмгекчил жана Кыргызстанды 21-кылымда өнүктүрүү боюнча так көз карашы бар адискөйлөр келиши керек. Ошондуктан биз Муратбек Исмаиловду №34 Жети-Өгүз шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары колдойбуз.

  1. Тосор Коому
  2. Ысык-Көл футбол лигасы
  3. Кызыл-Суу Жаштар уюму
  4. Коомчулукка Негизделген Туризм Кыргыз Ассоциациясы (СВТ Боконбаево)
  5. Кыргызстан Органикалык Кыймыл федерациясы «БИО.KG».
  6. Тосор Жаштары Коомдук уюму
  7. Дархан Коому
  8. Насаат Коомдук уюму
  9. Глобалдык Өзгөрүү Фонду
  10. Улуттук «Жаңырык» байланыш желеси
  11. «Рука в руке» ата-энелер бирикмеси
  12. Регионалдык Айылдык Консультациялык Кызматы ЖА
  13. » Агролид Плюс», товардык сервисдик кооператив
  14. Этно маданий туристтик Тескей Жээк Дестинациясы
  15. Эл аралык Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо фонду

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Исмаилов Муратбек Кубанычбекович шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Айтбаев Султан Кубанычбекович тарабынан төлөндү.