Домой Коом Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймактарга өкмөттөн камкордук

Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймактарга өкмөттөн камкордук

95

cartoon tube. 1025178030

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-июнда Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуда, социалдык объектилерди куруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчысы 2017-жылдын жазында жаратылыш кырсыктары болору менен баардык тиешелүү мамлекеттик органдарга кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу, анын ичинде социалдык объектилерди куруу боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.

“Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдында райондорго мектеп, оорукана куруп, жабыркаган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча өзүнчө тапшырма берилген. Чоң-Алай районундагы климаттык шартты эске алганда, ал жакта сентябрь айында кыш келет. Андыктан курулуш иштерин тездетүү керек», – деди Сооронбай Жээнбеков. Өкмөт башчы өз сөзүндө өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча каржы маселеси чечилгенин кошумчалады.

Архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 23-25-июнунда ведомствонун атайын адистери Ош облусунда көчмө иш чараларды өткөрүштү. Бүгүнкү күндө курулуш объектилери боюнча керектүү болгон баардык курулуш-сметалык документтер даяр. Такталган объекттердин курулушу 2017-жылдын 5-июлунда башталып, 5-ноябрда аягына чыгат. Алардын катарында Чоң-Алай районуна эки мектеп, эки оорукана, Ош облусунун Өзгөн районуна төрт мектеп жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна бир мектеп салынат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жыйында мындан сырткары өлкө аймактарындагы авариялык абалдагы мектептердин имаратынын курулушун ыкчам аяктоо пландары жөнүндөгү маселени кабыргасынан койду. Бактыбек Абдиев маалымдагандай, жакынкы аралыкта алардын ичинен 14 объекти боюнча иштерди баштоо пландалып жатат.

Өкмөт башчыбыздын түштүк аймагы боюнча иш сапарында баса белгилөөчү бир жагдайды белгилеп кетүү абзел. Тагыраагы, жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарыбыз менен аймактар эч убакта көңүл сыртында калбастыгын, мамлекет менен өкмөт бул жаатта баардык күчтү жумшай турганын дароо баамдасак болот. Өкмөт башчынын жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймактарга карата мындай камкордугун эми жергиликтүү жетекчилер илгиртпей түшүнүшүп, ишти ыкчамдатуулары зарыл. Кыштын камы үчүн ар бир мүнөттү баалаган өкмөт жетекчиси баарыбызга стимул берип турган мындай шартта тиешелүү жетекчилер ишти так жана убагында аткарышы абзел