Өмүрбек Бабановдун шайлоо алдында эле пайда боло калуучу убадаларынын «булагы» кайдан келип атканы ачыкка чыкты. Көрсө, Өмүрбек Токтогулович биттин ичегисине кан куя билген бизнесмен гана эмес, дүйнөнүн башка мамлекеттеринин эстен чыгып бараткан сөздөрүн «жаңыртып» иштеп чыгып, анан өзүнүн «обонуна» салып созолонтуп жиберчү да шыгы бар экен.
Анын 1-июлда «Республика – Ата Журт» партиясынын курултайында сүйлөгөн сөзү 10 жыл мурдагы Дубай эмири Мохаммед ибн Рашид аль-Мактумдун сүйлөгөн сөзүнүн эле көчүрмөсү болгондугун социалдык түйүндүн колдонуучулары таап чыгышты. cialis 5mg for sale. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн 10 жыл мурдагы Дубай эмиринин сөзүн кыргызчага оодарып берели: «Мен менин адамдарым АЗЫР жакшы жашашын каалайм. Алар АЗЫР университеттерде окушу үчүн. Алар АЗЫР денсоолуктары чың болушу үчүн. А 20 жылдан кийин эмес. Бийликтин ролу бийликке контролду камсыз кыла турган эмес, адамдар өздөрүнүн кыялдарын жана амбицияларын жүзөгө ашырууга жөндөмдүү кырдаалды түзүүдө жатат» — деген экен Мохаммед ибн Рашид аль-Мактум.
Байкадыңыздарбы, 1-июлда Ө. Бабановдун сүйлөгөн сөзүнө куюп койгондой окшош болуп атабы? Ошондо ким кимдин сөзүн уурдаган? Дубай эмири муну 10 жыл мурда эле сүйлөгөн болсо, демек, Бабанов уурдап атат да, туурабы? Анан өзүнүн сүйлөй турган сөзүн да башкалардан көчүрүп алган талапкер кийин жыргатып иштей алабы? Ар кимдин сүйлөгөн сөзүн аңдып, анан аны өзүмдүк кылып сүйлөп эле жүрө бербейби?